Президент Садыр Жапаров 12-майда Агартуу министрлигин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында өз алдынча эки министрлик уюштурулду.
Агартуу министрлигине мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү милдеттер жүктөлдү.
Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик тармактарын тейлейт.
Ошондой эле кол коюлган жарлыкка ылайык, Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлдү.
Президенттин Администрациясы белгилегендей, “Жарлык Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө системалуу өз ара байланышты жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун интеграцияланган жана натыйжага багытталган системасын түзүү, жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө жана инновациялык иштерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында” кабыл алынды.
Ушул эле күнү жаңы министрликтерге убактылуу жетекчилер бекитилди.
Буга чейинки Билим берүү жана илим министри болуп келген Догдуркүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткарат.
Ал эми жаңы түзүлгөн илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп Бактияр Орозов дайындалды. Орозов буга чейин юстиция министринин орун басары болуп иштеген, ага чейин билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган.
Кендирбаева менен Орозовдун талапкерлиги аталган кызматтарга дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугуна киргизилет.



