Париж климат келишиминдеги глобалдык температура өсүшүн 1.5°C деңгээл менен чектөө аракеттери дүйнөнүн муз катмарларын сактап калууга жетишсиз болушу мүмкүн. Бул тууралуу Communications Earth & Environment журналына жарыяланган изилдөөдө.
https://www.nature.com/articles/s43247-025-02299-w
Аталган изилдөө боюнча дүйнөлүк басылмалардын баары атайын макалаларды арнашты.
https://edition.cnn.com/2025/05/20/climate/ice-sheets-sea-level-rise
Алардын бири илимий жаңылыктарды жана ачылыштарды жарыялаган Phys.org веб-сайтына жарыяланды.
https://phys.org/news/2025-05-15c-paris-climate-agreement-high.html
Улуу Британиядагы Дарем университетинин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн бул изилдөө Гренландия жана Антарктидадагы полярдык муз катмарларындагы олуттуу жоготуулардын алдын алуу жана деңиз деңгээлинин өсүшүн жайлатуу үчүн максат 1°C тегерегинде болушу керектигин сунуштайт.
Изилдөөчүлөр Гренландия жана Антарктидадагы муз катмарларына 1.5°C деңгээлиндеги глобалдык температуранын таасирин ар тараптуу далилдерге таянып талдаган. Бул муз катмарлары дүйнөлүк деңиз деңгээлин дээрлик 65 метрге көтөрө ала турган көлөмдөгү музду сактап турат.
Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун (IPCC) акыркы баяндамасына ылайык, бул муз катмарларынын массалык жоготуулары 1990-жылдардан бери төрт эсе көбөйдү жана азыркы учурда жыл сайын 370 миллиард тоннадай муз жоголууда. Азыркы глобалдык температура индустриалдык доорго чейинки деңгээлден болжол менен 1.2°C жогору.
Изилдөөгө ылайык, температура 1.5°Cге чейин жогоруласа, келерки кылымдар ичинде Гренландия жана Антарктиданын муз катмарларынын эришинин кесепетинен деңиз деңгээли бир нече метрге көтөрүлүшү мүмкүн. Бул деңиз деңгээлине ыңгайлашуу аракеттерин өтө татаал жана кымбат кылып, жээк аймактарындагы жана аралдагы элдерге чоң жоготууларды жана жүз миллиондогон адамдардын көчүшүнө алып келиши ыктымал.
Изилдөөчүлөр саясатчылар менен өкмөттөрдү 1.5°C температура өсүшүнүн муз катмарларына жана деңиз деңгээлине тийгизе турган кесепетине көбүрөөк көңүл бурууга чакырышат. Азыркы учурда дүйнөдө болжол менен 230 миллион адам деңиз деңгээлинен бир метрден төмөн жерде жашайт жана эрип жаткан муз катмарлары бул жамааттар үчүн түздөн-түз коркунуч туудурат.
Мындай кооптуу сценарийден качуу үчүн дүйнөлүк орточо температура бүгүнкүдөн (1.2°C) төмөн болушу керек — болжол менен индустриалдык доорго чейинки деңгээлден 1°C жогору же андан да төмөн.
Ошол эле учурда, изилдөөчүлөр коопсуз температуранын так деңгээлин аныктоо боюнча кошумча илимий иштер тез арада жүргүзүлүшү керектигин белгилешет. Бул изилдөөгө Улуу Британиядагы Бристол университети, АКШдагы Висконсин-Мэдисон жана Массачусетс-Амхерст университеттеринин адистери да катышкан.
Изилдөөнүн башкы автору, Дарем университетинин география бөлүмүнүн профессору Крис Стокс мындай дейт: “Гренландия жана Антарктидадагы муз катмарлары үчүн 1.5°C өтө жогору экени тууралуу далилдер көбөйүп жатат. Биз мурунтан эле келерки ондогон жана жүздөгөн жылдар ичинде деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү сөзсүз болорун билчүбүз, бирок акыркы мезгилдеги муз жоготууларынын масштабы азыркы шартта да кооптуу деңгээлге жетти.
Температуранын 1.5°C деңгээлинде кармалышы чоң жетишкендик болот жана биз муну көздөгөнүбүз туура. Бирок, бул деңгээлге жетсек да же убактылуу өтүп кетсек да, деңиз деңгээлинин өсүшү өтө тез жүрүп, ага ыңгайлашуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Жаш муундар жашап турган учурда деңиз деңгээли жыл сайын 1 сантиметрге көтөрүлүшү толук ыктымал. 1.5°Cде баары жоголот деп айтууга болбойт, бирок ар бир градус бөлүгү маанилүү. Температураны канчалык эрте токтото алсак, кайра коопсуз деңгээлге кайтуу да ошончолук жеңил болот.”
Профессор Стокс буларды кошумчалады: “Башкача айтканда, үмүт үчүн негиз бар – болгону 1990-жылдарга кайрылсак, анда муз катмарлары кыйла туруктуу абалда болчу. Ошол кезде дүйнөлүк температура 1°C тегерегинде болгон жана атмосферадагы көмүр кычкыл газы 350 ppm (көмүр кычкыл газынын (CO₂) абадагы концентрациясы) деңгээлде турган. Бул деңгээлди айрым окумуштуулар Жер үчүн коопсуз чектин бири деп эсептешет. Азыр болсо бул көрсөткүч 424 ppmге жетип калды жана өсүүнү улантууда.”
Изилдөөчүлөр өткөн доорлордогу жылуу климат шарттары, азыркы эрип жаткан муз көлөмү жана келерки кылымдардагы температура деңгээлине жараша муз жоготуулардын проекцияларын (божомолдорун) бириктирип талдоо жүргүзүшкөн.
Натыйжада, жылуулук канчалык жогору жана узакка созулса, деңиз деңгээли ошончолук көп көтөрүлөт деген тыянак чыкты.
Изилдөөнүн авторлорунун бири, Висконсин-Мэдисон университетинин профессору Андреа Даттон мындай дейт: “Өткөн доорлордон алынган далилдер, эгер дүйнөлүк орточо температура 1.5°C же андан жогору болсо, деңиз деңгээли бир нече метрге же андан да көпкө көтөрүлө турганын көрсөтүүдө. Ошондой эле, жылуу температура канча узакка сакталса, муз эришине жана деңиз деңгээлинин өсүшүнө ошончо терс таасир тийгизет.”
Шилтемелер:
- Жаңылык https://phys.org сайтынан которулду.
- Илимий изилдөө тууралуу https://www.nature.com/articles/s43247-025-02299-w сайтына жарыяланган.
- Сүрөт Unsplash.com сайтынан алынды.
- Илимий терминге түшүндүрмөнү Эл Илим фонду даярдады.



