Нанодарылар, айрыкча анын нанобөлүкчөлөргө негизделгендери, саламаттыкты сактоонун диагностика жана терапия жаатында төңкөрүш жасоодо.
Көбүнчө темир же алтын сыяктуу металлдарды камтыган бул бөлүкчөлөр медициналык сүрөткө тартууда (магниттик-резонанстык томография, компьютердик томография жана башка) контрасттык зат катары, азыктык кошулмалар катары кызмат кыла алат, жада калса дарыны жеткирүү үчүн ташуучу катары да иштей алат. Бул тууралуу Жапониянын Чиба университетинин илимий изилдөөлөрү жана жетишкендиктери тууралуу жазган веб-сайтында жарыяланды.
https://www.cn.chiba-u.jp/en/news/press-release_e250529/
Анда айтылганга караганда, өздөрүнүн уникалдуу касиеттерине жана кылдат инженерияга жараша, нанодарылар организмдин кадимки дары-дармектер жете албаган жерлерине жетип, топтоло алат, бул аларды ракты аныктоо жана дарылоо үчүн келечектүү кылат.
Бирок, нанодарыларды баалуу кылган ошол эле мүнөздөмөлөр алардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууда кыйынчылыктарды да жаратат.
Учурдагы фармацевтикалык колдонмолор, анын ичинде Адам үчүн фармацевтикалык препараттарга техникалык талаптарды шайкеш келтирүү боюнча эл аралык кеңештин (ICH) колдонмолорунда олуттуу кемчилик бар: алар дары-дармектеги элементтердин жалпы санын гана баалашат, бирок алардын ар кандай формаларын, мисалы, иондорду же ар кандай өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдү айырмалабайт.
Бул айырмачылык өтө маанилүү, анткени ар кандай формалар организмге ар кыл таасир этиши мүмкүн, анын ичинде уулуулук профилдери да ар түрдүү болот.
Ушул жагдайды эске алуу менен, Жапониянын Чиба университетиндеги Фармацевтика илимдеринин жогорку мектебинен окумуштуу Ю-ки Танака (Yu-ki TANAKA) жетектеген изилдөө тобу тескөө тартибиндеги учурдагы кемчиликти жоюу үчүн жаңы аналитикалык ыкманы иштеп чыкты.
Алардын изилдөөсү 2025-жылдын 8-апрелинде Talanta журналында онлайн жарыяланып, нанодарылардагы иондорду, нанобөлүкчөлөрдү жана агрегатталган бөлүкчөлөрдү өз-өзүнчө сандык аныктоо ыкмасын сунуштайт.
https://www.sciencedirect.com/…/pii/S003991402500606X…
Изилдөө, бул ыкма өнүккөн фармацевтикалык продуктулардын сапатын көзөмөлдөөнү кантип жакшырта аларын көрсөтөт.
«Учурдагы баалоо колдонмолорунда мурда көңүл сыртында калган маселени чечкен жаңы баалоо ыкмасын киргизүү менен, биз Resovist жана Ferinject сыяктуу металл негизиндеги нанодарылардын коопсуз колдонулушун камсыздай алабыз», – деп түшүндүрдү изилдөөнүн маанисин доктор Танака.
Алар өз ыкмасын боордун магниттик-резонанстык томографиясында (МРТ) контрасттык зат катары колдонулуучу Resovist нанодарысында сынап көрүштү.
Талдоонун жыйынтыгында Resovist курамындагы темирдин болгону 0.022% гана иондук формада экени аныкталган.
Болжол менен миллилитрине 6,3 микрограммды түзгөн бул анча чоң эмес өлчөм кооптонууну жаратуучу деңгээлден бир топ төмөн. Кошумчалай кетсек, команда активдүү нанобөлүкчөлөрдүн диаметри 30 нанометрден (0.00003 миллиметр) кичине экенин, ал эми кээ бир агрегаттардын өлчөмү 50 нанометрдин (0.00005 миллиметр) тегерегинде экенин тастыктады.
Маанилүүсү, контрасттык заттын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн болгон чоң агрегаттар табылган жок. Бул жыйынтыктар Resovist нанодарысынын коопсуздугун да, туруктуулугун да тастыктайт.
Сунушталган ыкма өзгөчө алтын нанобөлүкчөлөрүн дары жеткирүү системасы катары же ракты дарылоодо металл бөлүкчөлөрүн фототермалдык терапия үчүн колдонгон жана жаңыдан пайда болуп жаткан ыкмалар үчүн актуалдуу.
Бул өнүккөн дарылоо ыкмалары ‘күчөтүлгөн өткөргүчтүк жана кармалып калуу (EPR) эффектисине’ негизделген, анда нанобөлүкчөлөр шишиктин айланасындагы кан тамырлардан чыгып, рак ткандарында топтолот.
«Көптөгөн жаңы нанодарылар активдүү ингредиент катары металл негизиндеги нанобөлүкчөлөрдөн тургандыктан, алардын коопсуздугун жана сапатын көзөмөлдөөнү баалоо үчүн ишенимдүү ыкмаларды сунуштоо алардын иштелип чыгышына жана клиникалык колдонулушуна өбөлгө түзөт», – деп белгилейт доктор Танака.
Бул жаңы аналитикалык ыкма фармацевтикадан тышкары да колдонулуп, тамак-аш кошулмаларындагы, косметикадагы жана айлана-чөйрөнүн үлгүлөрүндөгү металл нанобөлүкчөлөрүнүн коопсуздугун баалай алат. Бул өз кезегинде бир нече секторлордо калктын ден соолугун камсыз кылууга жардам берет.
Изилдөөчүлөр анын ар тараптуулугун терс заряддуу иондорду (кремний) жана оң заряддуу иондорду (темир) ийгиликтүү талдоо менен көрсөтүштү, бул жаңы ыкманын наноматериалдардын кеңири чөйрөсү үчүн колдонула турган жөндөмүнөн кабар берет.
Жалпысынан, нанобөлүкчөлөрдүн курамын, сапатын жана туруктуулугун ар тараптуу баалоону сунуштоо менен, бул изилдөө коопсуз жана натыйжалуу нанодарыларга жана нанобөлүкчөлөргө негизделген технологияларга жол ачат.
Нанодарылардын курамын так анализдөөнүн жаңы ыкмаларын тапкан изилдөө тобунун жетекчиси Ю-ки Танака – Чиба университетинин Фармацевтика илимдери боюнча аспирантура мектебинин ассистент-профессору, Жапониянын Фармацевтика коомунун, Токсикология коомунун жана Плазмалык спектрохимия коомунун мүчөсү.
Түшүндүрмөлөр:
Нанометр – бул Эл аралык бирдиктер системасындагы (SI ) узундук бирдиги жана бир метрдин миллиарддан бир бөлүгү. Бир нанометр (0.000001 миллиметр) болжол менен адам чачынын туурасынан 1000 эсе кичине.
Наномедицина — бул абдан майда, нанометрлик өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдү колдонуп жасалган дарылар. Алар ооруну так аныктап, организмдин ичиндеги оорулуу жерге жетип, дарылоону так жүргүзө алат.
Нанобөлүкчөлөр — микроскоп менен да кыйын көрүнө турган өтө кичинекей бөлүкчөлөр. Алар дарыны керектүү жерге жеткирип берет же организмдеги өзгөрүүлөрдү аныктоодо жардам берет.
Контраст заттар – медициналык сүрөткө тартууда (мисалы, МРТде) дененин ичин жакшыраак көрсөтүүгө жардам берген атайын заттар. Наномедицинадагы темир бөлүкчөлөр ушундай кызматты аткарат.
Фототермалдык терапия — алтын сыяктуу бөлүкчөлөр жарык менен ысытылып, рак клеткаларын өлтүрүүчү ыкма. Жогорку температура рак клеткаларын жок кылат.
ICH (International Council for Harmonization of Technical Requirements for Pharmaceuticals for Human Use) – эл аралык кеңеш, ар кайсы өлкөлөрдөгү дары-дармек чыгаруу эрежелерин бирдиктүү стандартка келтирип, жөнгө салат. ICH адамга колдонулуучу дары-дармектердин коопсуздугу, сапаты жана натыйжалуулугу боюнча талаптарды иштеп чыгат.
Шилтемелер:
- Жаңылык https://www.cn.chiba-u.jp порталындагы маалыматка негизденип жазылды
- Илимий изилдөө https://www.sciencedirect.com журналында жарыяланган
- Сүрөт unplash.com сайтынан алынды, автору автору Christine Sandu
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады



