Skip to ma content
search

Жасалма интеллект (ЖИ) аркылуу иштелип чыккан, алдын ала божомолдоочу моделдер айыл чарбасында сугатты жана түшүм жыйналганга чейинки жумуштарды башкаруу ишин жакшыртат деп күтүлүүдө. 

Мадрид шаарындагы Карлос III университетинин (UC3M) алдындагы C3N-IA Илимий парк тарабынан колдоого алынган жана так айыл чарбасына адистешкен Plantae стартапбы сууну керектөөнү алдын ала аныктоо, сугарууну оптималдаштыруу жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында жасалма интеллект (ЖИ) колдонулган жаңы божомолдоочу моделдерди иштеп чыкты.

Бул тууралуу жаңылык жана видеобаян Испаниянын аталган  университетинин  интернет баракчасында  2-июнь  күнү жарыяланды.

https://www.uc3m.es/ss/Satellite/UC3MInstitucional/en/Detalle/Comunicacion_C/1371438920387/1371215537949/New_predictive_models_developed_with_AI_to_optimize_irrigation_and_crop_management

Анда айтылгандай, иштелип чыккан жаңы технология  фермалар менен  айыл чарба аянттарында орнотулган 10 миңден ашуун сенсорлор аркылуу топтолгон кеңири маалымат базасына таянат.

Бул сенсорлор ай сайын болжол менен 10 миллиондой маалыматты чогултат. Алардын ичинде топурактын нымдуулугу, электр өткөрүмдүүлүгү жана температурасы сыяктуу көрсөткүчтөр бар.

 

Жасалма интеллект “чоң маалыматка” таянат 

 

Жаңы система дал ушул “Big Data” же “чоң маалыматтарды” жасалма интеллект менен айкалыштырып, аба ырайынын өзгөрүшү же өсүмдүк абалы боюнча так божомолдорду бере алат.

“Биздин максат – эмне болорун күн мурунтан айтуу жана дыйканга же агрономго алардын өсүмдүктөрү үчүн сугаруунун көлөмү же алдын ала чаралар боюнча так сунуштарды берүү, муну биз он күнгө чейин алдын ала жасай алабыз,”-деп ырастаган Plantae компаниясынын аткаруучу директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Самуэль Лопес.

Топуракка орнотулган сенсорлор аркылуу чогултулган маалыматтар жасалма интеллекттин моделдери менен талданып, зыянкечтердин жана климаттын үшүк, кургакчылык, мөндүр, катуу жаан-чачын сыяктуу терс таасирлерин алдын алуу боюнча  натыйжалуу чараларды ишке ашырууда колдонулат.

“Азыркы учурда биздин божомол моделдер зайтун менен помидорго  багытталган, бирок иштелип чыккан ыкма кеңири талаалардан дарактуу плантацияларга чейин өсүмдүктүн 80ден ашуун түрүнө карата  колдонулушу мүмкүн,”- деп кошумчалайт Самуэль Лопес.

Маалыматтарды чогултуу үчүн адистер баасы арзан жана маалыматты реалдуу убакытта топтой алган зымсыз сенсорду иштеп чыгышкан, бул сугарууну жана жер семирткичтерди колдонуу боюнча чечимдерди оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Испан технологиялык стартап компаниясы айыл чарбасы  үчүн жасалма интеллекттин жаңы алгоритмдерин иштеп чыгуу менен бирге сенсорлордун жаңы түрлөрүн: алыстан сугарууну көзөмөлдөө үчүн агым өлчөгүч, абанын нымдуулугу жана температурасы үчүн жаан-чачын өлчөгүч, шамалды көзөмөлдөөчү анемометрлер жана нурланууну өлчөөчү сенсорлорду колдонууга  киргизген.

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Syngenta Global AG айыл чарба технологиялык компаниясы ЖИ бул тармакта колдонуучу “шаймандардын” бирин “божомолдоочу натыйжалуулук аналитикасы” деп атайт.

Ал жасалма интеллект (ЖИ) жана машиналык үйрөнүү аркылуу ондогон жылдык тарыхый маалыматтарды талдап, жыйынтыктарды божомолдоп, мүмкүн болгон коркунучтарды алдын ала аныктай алат.

Бирок мындай аналитикалык куралдар аба ырайын божомолдоо менен эле чектелбейт. Алар айыл-чарбасы үчүн зыянкечтер менен оорулардын коркунучун, топурактын абалын, өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана түшүмдүүлүк потенциалын да алдын ала айта алышат.

АКШдагы Forbes бизнес журналынын эсебинде, айыл чарбада ЖИ технологиясын колдонуу рыногу 2023-жылы 1,7 миллиард долларды түзсө, 2028-жылга чейин 4,7 миллиард долларга жетет деп күтүлүүдө.

Бул көрсөткүч жаңы технологиялар айыл чарбасы үчүн да маанилүү экенин далилдеп турат.

Шилтемелер:

  1. Жаңылык Карлос III университетинин  https://www.uc3m.es сайтындагы маалыматка негизденип жазылды.
  2. Сүрөт unplash.com сайтынан алынды, автору Roger Starners.
Close Menu
made in Moore Studio