Skip to ma content
search

5Е модели акыркы бир жылда Кыргызстандын билим берүү системасына активдүү киргизилип, айрыкча STEM сабактарында колдонулуп келе жатат.

Окутуу принциптери баланы өз билимине таянып, жаңы билимди куруусуна, өздөштүрүүсүнө негизделген жана окуучулардын изилдөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган 5Е моделин 1987-жылы АКШдагы BSCS уюму (Biological Sciences Curriculum Study – Биологиялык илимдердин окуу программаларын изилдөө уюму 1958-жылы түзүлгөн) иштеп чыккан.

Башында АКШнын өзүндө биологиялык эле илимдерди окутуу реформасынын алкагында даярдалган модел бара-бара башка STEM (Science-Илим, Technology-Технология, Engineering-Инженерия, Mathematics -Математика) сабактары үчүн да натыйлуу деп табылган жана бүгүнкү күндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билим берүү стандарттарына интеграцияланган. Башкача айтканда илимди мектепте окутуу программаларын түзүүдө дүйнөлүк стандартка айланган.

Америкалык педагог-илимпоз, 5E моделин түзгөндөрдүн бири Роджер В. Байби (Rodger W Bybee) 2014-жылкы макаласында андан чейрек кылым ашуун мурдагы аракеттерди эскерип https://education.sdsu.edu/dle/current-students/05329-5e_instructional_model-r-bybee.pdf “Ошол учурда биз башталгыч класстар үчүн жаратылыш таануу жана ден соолук боюнча жаңы программа иштеп чыгып жатканбыз жана окутуу моделине муктаж элек. Кийинки он жылдыктарда бул окутуу модели кеңири колдонулуп, көп учурда өзгөртүлүп, ал тургай анын келип чыгышына шилтеме берилбестен же таанылбастан колдонулуп калаарын биз эч ойлогон эмеспиз. Илимди окутуу боюнча жамаат бул моделдин практикалык баалуулугун таанып, аны мектеп программаларына, штаттык структураларга жана улуттук көрсөтмөлөргө кошуп келишет. Бул моделде бир өзгөчө нерсе бар – ал коомчулуктун кызыгуусун ондогон жылдар бою сактап калды”,- деп жазат.

5E модели окуучуларды маалыматты жөн эле сиңирүүгө эмес, материалды өз алдынча изилдөөгө жана сабакка активдүү катышууга үндөйт.

Аны иштеп чыккандар “мугалим түшүндүрөт, окуучу угат” деген салттуу эрежеден баш тартып, окуучулардын өз алдынча изилдөө жүргүзүүсүнө, практикалык тажрыйбаларды колдонууга жана логикалык ойлоосун өстүрүп, өз алдынча жыйынтык чыгаруусуна басым жасаган.

 

Кыргызстандагы аракет

 

Кыргызстандын билим берүү тармагы 12 жылдык окутууга өтүү менен катар анын алкагында PISA тестирлөөсүнө катышуу максатында дүйнөлүк стандарттарга негизделген жаңы методикалар менен STEM мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасын баштаган. Бул курста 16 000 STEM мугалими окутуунун инновациялык методдорун киргизүүгө жана окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган интенсивдүү курстарды натыйжалуу жыйынтыкташты.

Мугалимдер окутуунун алдыңкы эл аралык методикалары жана практикалары менен таанышып, анын алкагында 5Е модели менен сабактарды пландап, жаңы билимдерди практика жүзүндө колдонууга өзгөчө көңүл бөлө алышты. 5Е модели акыркы бир жылда билим берүү системасына активдүү киргизилип, айрыкча STEM сабактарында колдонулуп келе жатат.

 

5E моделинин беш этабы

 

1Е (Engage) – кызыктыруу этабы. Бул этапта мугалимдер окуучулардын темага кызыгуусун арттырып, ой-дүйнөсүн темага багыттай алган ачык суроолорду берет. Мугалим сабакты кызыгууну пайда кылган ар кандай маселе же болбосо темага байланыштуу кыска видео тасма менен баштаса болот. Максат – окуучунун ушул убакытка чейин алган билимдерин жаңы үйрөнө турган маалыматтар менен айкалыштыра билүүсүнө жардам берүү.

Аны менен катар мугалим окуучуларга сабактын жүрүшүндөгү кадамдарын түшүндүрөт, эрежелерди белгилейт, окуучулардын идеяларын жана талкууларын жетектейт, окуучулар менен биргеликте сабактын максаттарын аныктайт.

Окуучулардын темага байланыштуу мурунку билимине да текшерүү жүргүзүлөт. Мугалимдер үчүн окуучулардын тема боюнча кандай билими бардыгын  билүү маанилүү.

2Е (Explore)- изилдөө этабы. Мында окуучулар теманы изилдөө үчүн практикалык иш-аракеттерге киришет. Окуучулар кичи-чоң топторго бөлүнүп, теманын айланасында изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

Алар иштин жүрүшүн байкап, идеяларды сынап көрүү менен эксперименттерди жасашат жана маалыматтарды жыйнашат. Ар бир топтун алдын ала аныкталган тапшырмалары болот. Окуучулар берилген тапшырманы аткарууга гана басым жасашат.

Бул этап аларга теманы тереңирээк талкуулаганга жардам берет жана теманын эң керектүү бөлүгү топтук иш-аракеттин натыйжасында ачылат.

Мугалимдин бул этаптагы ролу – окуучуларга маалыматты туура чогултууга, практикалык иштерди натыйжалуу аткарууга жана топтордун иштерин ар тараптуу жакшыртууга жардам берүү. Тагыраак айтканда фасилитатор гана болууга басым жасай алат. Топтор берилген тапшырманын үлгүсүнө жараша табылгаларын талкуулашат жана жалпы тыянактарды чыгарышат.

3Е (Explain) – түшүндүрүү этабы. Түшүндүрүү этабында окуучулар өз ойлорун жана изилдөө этабында чогулткан жыйынтыктарын бөлүшүшөт. Алар топтук тапшырмалардан жыйынтык чыгарып, өз байкоолорун талкуулашат, өз идеяларын айтышат жана бири-биринен үйрөнүшөт. Анткени бир топ аткарган тапшырма экинчи топко берилбей калышы мүмкүн. Ошол себептүү окуучулар толук кандуу билим-көндүмдү ушул этапта алышат.

Мугалим окуучулар чогулткан маалыматтарды илимий түшүнүктөр жана изилдөөлөр менен байланыштырат. Окуучулардын негизги маалыматтык булагы окуу куралы болот. Мугалим тарабынан долбоордук иштерди жасоо үчүн берилген тапшырмалар болсо кошумча маалыматтык ресурстарды колдонуу сунушталат.

Топтор берилген тапшырмаларды жыйынтыктап, суроолорго жооп берүү менен өз ойлорун билдиришет. Жаңы билимди бекемдөө сынчыл түшүнүктөр, мисалдар жана көнүгүүлөр аркылуу жүрөт. Натыйжасында окуучулар жаңы билимди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

4Е (Elaborate) – тереңдетүү этабы. Окуучулар аталган этапта алган билимдерин жаңы жагдайларга же көйгөйлөргө колдонуу аркылуу билимин тереңдетүүгө басым жасашат. Окуучулар жаңы түшүнүктөрдү тереңирээк изилдеп, аларды ар кандай контексттерде колдонушат. Мугалим кошумча тапшырмалар жана ар кандай кейстерди берип, окуучуларга өз билгендерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул этаптагы тапшырмалар алган билимин кененирээк идеялардын жана көндүмдөрдүн диапозону менен байланыштырууга жардам берет. Окуучулар да ар кандай чоң-кичине долбоордук иштерди иштеп чыгышат. Бул көндүм аларды практикада колдонууга жардам берип,  окуучу маселени чечүү жолун мектеп турмушунан үйрөнүшүн шарттайт.

(Evaluate) – баалоо этабы. Бул этапта мугалим сабак учурунда үзгүлтүксүз анализ жасоо менен окуучулардын жетишкендиктерин баалайт, тесттерди жана сурамжылоолорду колдонуп, окуучулардын түшүнүктөрүн жана билгендерин аныктайт. Баалоо формалдуу жана формалдуу эмес түрдө сабактын жүрүшүндө жүргүзүлөт. Окуучулар үйрөнгөндөрү боюнча ой жүгүртүшөт жана өздөрүнүн жетишкендиктерин баалайт. Бул кадам окуучуларга да, мугалимдерге да билим-көндүмү кайсы жерде турганын көрүүгө жана жакшыртуу үчүн аракеттерди аныктоого жардам берет.

1-сүрөттө 5Е моделин колдонгон Сингапурдун табигый илимдер боюнча окуу программасы көрсөтүлгөн. Окуу программанын алкагында табигый-илимий билим берүүдөгү негизги процесстик көндүмдөр каралган. Тагыраак айтканда ар бир теманы өздөштүрүүдө окуучулар берилген көндүмдөргө ээ болуу менен теманы узак мөөнөткө сактап калууга жана аны келечек турмушунда колдоно билүүгө мүмкүнчүлүк жарата алат.

2-сүрөттө берилген диаграммада илимий практиканын 3 аспектиси көрсөтүлгөн. Илимий практиканын 3 аспектиси төмөнкүлөрдү камтыйт:

  1. Ой жүгүртүү ыкмаларын көрсөтүү жана илимий иш-аракеттерди жүргүзүү.
  2. Илимий билимдин табиятын түшүнүү.
  3. Илимдин технология, коом жана айлана-чөйрө менен байланышы.

Үч компонент тең илимий сабаттуулукту калыптандыруу, билимди, контекст жана реалдуу турмуш менен байланыштыруу үчүн маанилүү.

5E модели сабакты жандуу, динамикалуу жана кызыктуу кылат. Окуучулар эксперименттер, топтук иш, талкуулар аркылуу билим алышат, бул алардын сабакка болгон кызыгуусун арттырат.

 

Мугалимдер менен суроо-жооп

 

Мугалимдердин тажрыйбасын, кыйынчылыктарын жана сунуштарын түшүнүүгө багытталган онлайн сурамжылоого өлкө боюнча STEM мугалимдери активдүү катышты. Сурамжылоонун негизги максаты- мугалимдердин тажрыйбасын талдап, жыйынтыгын анализдеп, методиканын келечектеги колдонулушун жакшыртууга жардам берүү болду.

Бул сурамжылоонун натыйжасында 5Е модели кыргыз кыртышына кантип орун алып, иштеп жатканын биле алабыз.

Сурамжылоонун  жүрүшүндө  биз ага тартылган мугалимдерге  бир нече  суроо  менен кайрылдык.

“Окуучулардын сабакта суроо берип, талкууга катышуу боюнча активдүүлүгүн кандай баалайсыз?”, –  деген суроого мугалимдер төмөнкүдөй  жооп калтырышкан.

“5E моделин колдонуу менен сабакты пландоо кандай өзгөрдү?”,- деген суроого мугалимдер өз тажрыйбасын төмөндөгүдөй бөлүшкөн.

“Сабактарда окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмү кандайча өзгөрдү?”,-  деген онлайн сурамжылоодо окуучулардын илим изилдөөгө болгон иш-аракетинин өзгөрүүсүн байкоого болот.

“5E моделин мугалимдер сабакка канча убакытта толук интеграциялай алды?” деген суроого жооп берүүдө айрым гана мугалимдер аз убакытты көрсөтө алышкан.

Ал эми 5E моделин ийгиликтүү колдонуу үчүн методикалык материалдар, семинарлар жана бир канча убакыт керек болоорун мектеп мугалимдери изилдөө учурунда баса белгилешкен.

5E моделинин негизинде мугалимдерди колдоо үчүн: кесиптик өнүгүү тренингдери, сабак үлгүлөрү менен камсыздоо, мектеп деңгээлинде стратегиялык колдоо жана санариптик окуу материалдары жана окуучулардын изилдөө иштерин күчөтүү үчүн каражаттар керек болоорун көрсөтүшкөн.

 

“5Е моделин мындан ары колдонуу боюнча ой-пикириңиз кандай?”,-  деген суроого төмөнкүдөй жооптор берилген:

–  5Е моделин  мындан ары өркүндөтсө  болот. Мага жакканы – окуучулар алган көндүмдөрүн турмуш тиричиликте колдоно  билүүсү, практика менен байланыштыруусу жана айлана-чөйрөгө, жаратылышка болгон мамилелеринин  жакшыруусун байкай алдым;

-бул моделди колдонуу менен мугалимдер теманы жеңил жеткире алат. Ал эми окуучулар өздөрү изилдөө жүргүзүүсүнүн натыйжасында теманы терең түшүнүүгө өбөлгө болот ;

-окуучулардын илимий көз карашы өзгөрөт жана өнүгөт, ал эми мугалимдин сабактарынын натыйжалуулугу артат ;

-абдан жакшы, бирок китептер, компьютерлер, ресурстар жетишсиз болгондон окуучулар изилдөөдө кыйналышты. Бул моделди мындан ары колдонуу үчүн тиешелүү жабдыктар, көрсөтмө жана окуу куралдар керек. Окуу материалдарын жакшыртууну, ресурстарды көбөйтүүнү сунуштайм ;

-мен 5Е моделин колдонуу менен окуучулардын сабакка кызыгуусун өнүктүрдүм. Көбүнчө кызыктыруу менен изилдөө этаптары окуучуларды шыктандыра алды ;

-бул модел менен такай иштөө үчүн сөзсүз түрдө практикалык, лабораториялык жабдуулар менен камсыз болуу керек. Химия, физика кабинеттери толук жабдылса жана лабораториялык жабдуулар толукталса аталган методика менен иштөө сапаты жакшырмак ;

-окуучулардын алган билимдерин узак мөөнөткө сактап калуусун жөнгө салат. Окуучулардын жалпы окуу процессине катышуусу камсыз болуп, практика жүзүндө, көрсөтмөлүү окутулат ;

-5Е модели күндөлүк сабакты пландоо үчүн жеңил жана ошол эле учурда окуучуларга контексттик суроолорду берүү, салттуу суроолордон арылуу бир аз кыйыныраак болду. Менин пикиримде бул модель замандын талабына ылайык келет, келечекте бардык окуу жайларында толук жайылса натыйжасы эң жакшы болот деп ойлойм ;

-бул модель билимди пассивдүү кабыл алуу эмес, тескерисинче, активдүү үйрөнүү процессин түзөт. Мектептерде, өзгөчө жогорку класстарда, 5Е моделин кеңири жайылтуу керек деп ойлойм ;

 

“5Е моделин колдонуп, сабак өткөн учурда окуучулардан кандай кайтарым байланыштар пайда болду?”

 

Балдардын өз алдынча тапшырманы изилдөөсү, бири бири менен мамиле түзүүсү, оюн эркин айта алуусу жогорулап, үйрөнгөнүн практикада жасай алышат. Алган билим-көндүмдөрүн  турмушта пайдалана алышат ;

-бул моделди колдонуу менен кайтарым байланыш учурунда окуучулардын фундаменталдык сабаттуулугун жогорулатууга бир топ эле мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн байкоого болот ;

-окуучулар өзүнүн ойлорун тартынбастан билдирүүгө жетишти. Айрыкча орто окуган жана начар окуган окуучуларда көп жетишкендиктерди байкоого болот. Мисалы, сабакка тартылуу жана предметке болгон кызыгуу жогорулады ;

-балдар практика жүзүндө билгендерин эркин айта алышты. Ар бир окуучу сүйлөгөндө, ар биринен идея, түшүнүк тактык келип чыгып жатты. Оюн эркин айтууга үйрөнүштү.

 

Изилдөөнүн жыйынтыгы

 

Онлайн изилдөөдө методикага байланыштуу ачык суроолор бир канча варианты менен камтылып, мугалимдер өз ой-пикирин билдиришкен. Алар 5E модели менен сабакты пландап, колдонгондон кийин окуучулардын сабакка кызыгуусу жогорулап, теманы терең түшүнүүсүнө жардам бергенин байкоого болот.

Изилдөөнүн жыйынтыгында окуучулар 5Е моделинин 2Е изилдөө жана 4Е тереңдетүү этабын жеңил жана бат өздөштүргөнү аныкталды.  Методиканын 2Е изилдөө этабы сабак өтүүдө эң көп убакыт алганын сабак учурундагы процесстер жана онлайн сурамжылоо көрсөттү. Аны менен катар аталган моделдин жардамында окуучулар долбоордук иштерди жасоону үйрөнө алышты.

Жүргүзүлгөн изилдөө Кыргызстандагы STEM сабактарында 5E моделин колдонуу мугалимдердин сабакты пландаштыруудагы изилдөөчүлүк жана конструктивдүү мамилесин бекемдеп, окуучулардын активдүү үйрөнүүсүн арттырганын көрсөттү.

Мисалы, Ош облусунун, Өзгөн районунун Т.Ташмаматов орто мектебинин химия мугалими 5E моделинин 2Е изилдөө этабында этилен газын виртуалдык лабораториянын негизинде өз алдынча алып көрүү менен окуучулардын 80% теманы ушул этапта эле түшүнө алганын айткан. Тема боюнча тесттин жыйынтыгы 30%га жакшырган. Мындай тажрыйбалар сурамжылоого катышкан мугалимдердин 78%ы тарабынан колдоого алынып, моделдин сабакты уюштуруудагы так структурасы жана окуучунун кызыгуусун арттыруу мүмкүнчүлүгү өзгөчө белгиленген.

Сурамжылоо учурунда айрым мугалимдер 5E моделин толук өздөштүрүүдө убакыт тартыштыгын жана ресурстардын жетишсиздигин баса белгилешкен. Бул кыйынчылыктар келечектеги окутуу программаларында кошумча материалдык жана методикалык колдоонун маанисин көрсөтөт. Алдыда бул модель боюнча кеңири масштабдуу тажрыйба алмашуу, илимий мониторинг жүргүзүү жана моделдин кыргыз контекстине ылайыкташтырылышын улантуу сунушталат.

Шилтемелер:

  1. Башкы сүрөт Эл аралык илим окутуу фондунун (ISTF) https://science-teaching.org интернет баракчасынан алынды.
  2. Макала ичиндеги сүрөттөрдү автор сунуш кылды.
Айгүл Исамидин кызы

Айгүл Исамидин кызы - Ош мамлекеттик Педагогикалык университетинин окутуучусу жана аспиранты. Орусиянын Урал Федералдык университетин магистратура бөлүмүн медициналык химия адистиги боюнча аяктаган. Кыргыз Республикасынын Түштүк аймактарында STEM сабактары, мектеп мугалимдеринин, окуучулардын билимин жогорулатуу жана жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча семинар-тренингдерди өтүп келүүдө. PISA баалоосуна Сингапур методикасынын негизинде даярдоо боюнча мастер-тренер. Бир катар эл аралык илимий конференциялардын катышуучусу. email: mfloaigul@gmail.com

Close Menu
made in Moore Studio