АКШдагы Корнелл университетинин изилдөөчүлөрү алманын калдыгын белокко айландыруу менен эт азыктарына кошууга боло турганын аныкташты.
Дүйнөдө жылына 97 миллион тоннанын тегерегинде алма өндүрүлөт. Көпчүлүк керектөөчүлөр жаңы алманы жакшы көргөнүнө карабай, аталган көлөмдүн болжол менен 35% кайра иштетилет.
Кайра иштетүүдө алма колдонулган негизги тармак – шире өндүрүү. Шире алуунун эффективдүүлүгү болжол менен 75% болгондуктан, өнөр жай алманын 25–30% таштанды катары чыгарат.
Алма помасы (AP) – алма ширесин жана сидр өндүрүүнүн калдыгы. Учурда алар көбүнчө жер семирткич, мал азыгы катары колдонулат же таштандыга төгүлөт.
Бирок бул туруктуу чечим эмес. Анткени, алма помасынын нымдуулугу жогору жана курамында чирүү жолу менен өзүн-өзү жок кылуучу органикалык заттар бар. Алар тез ферментацияланууга шарт түзөт
Анаэробдук бактериялардын таасири менен жаралган бул тез ферментация метан газынын пайда болушуна алып келет. Метан өз кезегинде парник же булганыч газ катары климаттын өзгөрүшүнө жана озон катмардын жукарышына салым кошот.
Эми АКШдагы Корнел (Cornell University) университети кабарлагандай, алардын жаңы изилдөөсү алманын калдыктарын: кабыгын, сөңгөгүн, уруктарын жана ширелүү бөлүгүн белокко айландыруу жана мал этине кошуу менен жаңыча пайдалануунун жолун сунуштайт.
https://news.cornell.edu/stories/2025/09/turning-apple-waste-profit-and-protein
Муздатылып – кургатылган жана майда порошокко айландырылган бул калдык продукт уй этинен жасалган фрикаделькаларга 20%га чейин кошулса да керектөөчүлөрдүн кызыгуусун азайтпай турганын изилдөөлөр көрсөткөн.
Илимий изилдөөнүн өзү 12-сентябрда Journal of Food Science and Nutrition журналында жарыяланган.
Изилдөөнүн жүрүшүндө атайын даярдыгы жок 100дөн ашуун даамчылардын катышуусундагы тесттерде алма калдыгы кошулган фрикаделькалар жыты, даамы, түзүлүшү жана жалпы жактырылуусу жагынан толугу менен эттен жасалган үлгүлөрдөн айырмаланган эмес.
“Бул – клетчатка жана биологиялык активдүү заттардын мыкты булагы. Бирок ал ингредиент катары антиоксиданттык таасирге ээ жана азык-түлүк продукцияларынын сакталуу мөөнөтүн узартууга салым кошот”,- деди изилдөөнүн авторлорунун бири, Корнелл университетиндеги Айыл чарба жана биологиялык илимдер колледжинин азык-түлүк илими боюнча профессору Элад Тако (Elad Tako).
Илимий табылганын үч тараптуу мааниси
Университеттин маалыматында көргөзүлгөндөй, жаңы илимий табылга ашкана кызыкчылыгынан да маанилүү.
Помасты жок кылууга акча коротуунун ордуна, кайра иштетүүчүлөр аны кургатуу менен порошокко айлантып, эт өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ишканаларына жана атайын продукция чыгарган компанияларга баалуу ингредиент катары сатышы жана мурда калдык катары эсептелген ресурстан кошумча киреше алышы мүмкүн.
Изилдөөнүн дагы бир автору Питер Грейсинин (Peter Gracey), айтымында, жаңы продукт үчүн мүмкүн болгон рыноктун так көлөмү, бир катар практикалык маселелердин чечилишине көз каранды.
Алар кайра иштетүүчүлөр канча калдыкты экономикалык жактан пайдалуу шартта кургатып, жаңы продукту менен керектөөчүлөрдү камсыздоону канчалык тез жана үзгүлтүксүз жүргүзө алышарына байланышкан маселелер.
Алма калдыгын кургатып порошокко айлантуу биологиялык активдүү кошулмаларды жана структураны сактайт, бирок энергияны көп талап кылат жана атайын жабдуу же үчүнчү тараптын кызматтары да керек болот.
Жөнөкөй кургатуу технологиялары да иштей алат, бирок продуктунун түсүн, даамын жана азыктын коопсуздугун сактоо үчүн кылдат текшерүүлөрдү талап кылат.
Корнелл университетинин изилдөөчүлөрү алма калдыгын кирешеге айлантуу мүмкүнчүлүгүнөн башка да эки нерсени белгилешкен.
Биринчиси, көпчүлүк калктын диетасында сунушталган клетчатка көлөмү жетишсиз. Кайра иштетилген эт продуктуларына мөмөдөн алынган клетчатканы кошуу, керектөөчүлөрдүн күнүмдүк адаттарын өзгөртүүнү талап кылбай, бул боштукту жабууга жардам бере алат.
Бул ыкма мектептер, ооруканалар жана кеңселер сыяктуу уюмдук чөйрөлөрдө, тааныш жана ыңгайлуу тамактар масштабдуу берилген жерлерде өзгөчө пайдалуу болушу мүмкүн.
Экинчиси, климаттык көз караштан алганда, алма калдыгын таштанды полигондон алыстатуу метан газынын бөлүнүп чыгышын азайтып, шире жана сидр өндүрүшүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген тескери таасирин чектейт.
Кайра иштетилген азыктардагы эттин бир бөлүгүн өсүмдүк материалдары менен алмаштыруу, бул продуктулардын парник газ чыгаруу ургалдуулугун төмөндөтөт.
Изилдөөдө көргөзүлгөндөй, жогорку кирешелүү өлкөлөрдө кайра иштелген эттен толугу менен баш тартуу жана кызыл этти жумасына бир порцияга чейин чектөө, азык түлүк жана тамак-аш өндүрүшүнөн бөлүнгөн булганыч газдарды 60% га чейин азайта алат деп эсептелген.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Корнелл университетинин интернет баракчасындагы https://news.cornell.edu/stories/2025/09/turning-apple-waste-profit-and-protein маалыматтын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө Journal of Food Science and Nutrition https://onlinelibrary.wiley.com/doi/10.1002/fsn3.70955 журналында жарыяланган.
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору James Yarema.



