Кытай Илимдер академиясынын жаңы изилдөөсүнө караганда, жайыттын деградациясы биокөптүрдүүлүктүн экосистеманын көп функциялуулугун колдоодогу негизги механизмин түп тамырынан өзгөртүп, аны өсүмдүктөрдүн үстөмдүгүнөн топурак микробдору аркылуу башкарылуучу абалга алып келет.
Чөптүү өрөөндөр Жердин кургак бөлүгүнүн 40%га жакынын каптап, көмүртекти сактоо, тоют өндүрүү жана сууну жөнгө салуу сыяктуу эң маанилүү экосистема функцияларын аткарат.
Бирок дүйнөдөгү чөптүү өрөөндөрдүн дээрлик жарымы азыр деградацияга учураган. Бул негизинен ашыкча мал жайуу менен климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу.
Кытай Илимдер академиясы кабарлагандай, аларга караштуу Ботаника институтунун (IBCAS) профессору Ян Юаньхэ (Yang Yanhe) жетектеген изилдөө тобу чөптүү өрөөндөрдүн же жайыттардын деградациясы экосистемалардын көп функциялуулугун камсыздоодо биокөптүрдүүлүктүн ролун түп тамырынан өзгөртүп, негизги маанини өсүмдүктөрдөн топурактын микроорганизмдерине которот деген бүтүмгө келди.
https://english.cas.cn/newsroom/research_news/life/202511/t20251110_1097950.shtml
Академиянын жазганына караганда, 10-ноябрда Nature Plants журналында жарыяланган илимий изилдөөнүн жыйынтыктары табигый экосистемаларда чөптүү өрөөндөр же жайыттардын деградациясы биокөптүрдүүлүк менен экосистеманын көп функционалдуулугу ортосундагы өз ара байланышты өзгөртөрүн далилдеген алгачкы ири масштабдуу талаа маалыматтарын сунуштайт.
Көп учурда жайыттардын деградациясы өсүмдүктөр жана топурак микроорганизмдери жамааттарындагы өзгөрүүлөр менен коштолот.
Бул өз кезегинде биокөптүрдүүлүк менен экосистеманын иштеши ортосундагы өз ара байланышка олуттуу таасир этиши мүмкүн.
Ошентсе да, жайыттардын деградациясы табигый шарттарда ири масштабда биокөптүрдүүлүк менен экосистеманын көп функционалдуулугунун байланышын өзгөртөөрү же өзгөртпөй турганы жана эгер өзгөртсө, кандайча өзгөртөрү белгисиз болуп келген.
Бийик тоолуу Тибеттин жайыттарын изилдөө
Кытай Илимдер академиясы маалымдагандай, алардын изилдөөчүлөрү бул боштукту толтуруу үчүн Тибет өрөөнүндо (Тибет платосу) узундугу болжол менен 2600 чакырым келген кеңири аймакта транзекттик изилдөө жүргүзүштү.
Ал изилдөө бузулбаган жана орто деңгээлде деградацияга учураган жайыттардын 44 жуп участогун же жалпысынан 792 үлгү квадратты камтыган.
Изилдөөчүлөр экосистеманын иштешинин 20 көрсөткүчүн, анын ичинде өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн, сууну кармоо жөндөмүн, көмүртек, азот жана фосфордун топурактагы корун, ошондой эле органикалык заттын ажыроо ылдамдыгын өлчөшкөн.
Тибет өрөөнү – Жердеги бийик тоолуу жайыттардын эң ириси. Азыр анын көпчүлүк бөлүгү орто деңгээлде деградацияга учураган абалда.
Квадраттык сурамжылоо жана ампликондук секвенирлөө ыкмаларын айкалыштыруу аркылуу изилдөөчүлөр жер үстүндөгү жана жер алдындагы өсүмдүк, бактерия, грибок жана протист түрлөрүнөн турган биокөптүрдүүлүктү баалашкан.
Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, орто деңгээлдеги деградация экосистеманын жеке функцияларын жана көп функциялуулугун азайткан, бирок өсүмдүк менен топурактагы биоартүрдүүлүктү көбөйткөн.
Андан кийинки анализдерге караганда, деградациядан соң топурактагы биокөптүрдүүлүктүн көп функциялуулукка таасири күчөгөн, ал эми өсүмдүк түрлөрүнүн таасири азайган.
Кытай Илимдер академиясы белгилегендей, бул илимий табылгалар деградация шартында экосистеманын иштешин камсыздоодо топурактагы микробдук көп түрдүүлүктүн чечүүчү ролун баса көрсөтөт.
Изилдөөчүлөр чөптүү өрөөндөрдү же жайыттарды калыбына келтирүү аракеттери өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү менен гана чектелбестен, топурактагы микробдук жамааттарды сактоого жана реабилитациялоого артыкчылык бериши керектигин сунушташат.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
Экосистеманын көп функциялуулугу – экосистеманын бир эле учурда бир нече функцияларды аткаруу же бир нече кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү.
Бул функцияларга көмүртекти топтоо, климатты жөнгө салуу, сууну сактоо сыяктуу ар кандай процесстер, ошондой эле азык-түлүк менен камсыз кылуу жана түр ар түрдүүлүгү сыяктуу кызматтар кирет.
Экосистеманын көп функциялуулугу биокөптүрдүүлүк менен экосистемалык функциялардын ортосундагы байланышты, өзгөчө ар кандай түрлөр ар кандай процесстерге кандайча салым кошорун түшүнүүдө өзгөчө маанилүү.
Трансекттик сурамжылоо ыкмасы – организмдердин же жашоо чөйрөлөрүнүн өзгөрүшүн түз сызык же жол боюнча байкоо аркылуу изилдөө ыкмасы.
Изилдөө алдын ала белгиленген сызык боюнча жылып, сызыктын үстүндөгү же белгилүү бир аралыктагы организмдер жөнүндө маалыматтарды жазууну камтыйт жана көбүнчө экологиялык градиент боюнча өзгөрүүлөрдү билүү үчүн колдонулат.
Байкоолор түз сызыктын үстүндө гана жүргүзүлөт же перпендикуляр аралык катталат. Организмдердин санын жана алардын сызыктан алыстыгын каттоо аркылуу аймактын жалпы популяциясынын өлчөмүн баалоо мүмкүн болот.
Квадраттык сурамжылоо ыкмасы – аныкталган чарчы же тик бурчтук аймакта (квадратта) организмдерди саноо аркылуу алардын аймактагы көптүгүн жана таралышын баалоо үчүн колдонулган ыкма.
Изилдөөчүлөр белгиленген ар бир квадраттагы түрлөрдү аныктап, санайт жана андан соң алынган маалыматтарды колдонуп, аймактын жалпы популяциясынын тыгыздыгын, көп түрдүүлүгүн жана жердин камтылыш пайызын баалашат.
Ампликондук секвенирлөө ыкмасы – биокөптүрдүүлүктү изилдөөдө ампликондук секвенирлөө (amplicon sequencing) ыкмасы микробдук коомчулуктарда же белгилүү түрлөрдө генетикалык ар түрдүүлүктү баалоо үчүн PCR аркылуу белгилүү ДНК аймактарын (ампликондорду) көбөйтүп, жогорку өткөрүмдүүлүктөгү секвенирлөөнү жүргүзүүнү камтыйт.
Бул чыгымдарга үнөмдүү ыкма жана биокөптүрдүүлүктү изилдөөдө кеңири колдонулуп, бактерияларда 16S rRNA сыяктуу универсалдуу баркод гендерин же козу карындарда ITS генин же башка түрлөр үчүн атайын праймерлерди колдонот. Жараян ДНКны алуу, PCR аркылуу көбөйтүү, секвенирлөө жана биоинформатика анализин жүргүзүүнү камтыйт.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Кытай илимдер академиясынын https://english.cas.cn/newsroom/research_news/life/202511/t20251110_1097950.shtml интернет баракчасынан которулду.
- Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө Nature Plants журналында https://www.nature.com/articles/s41477-025-02147-x жарыяланган.
- Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Slim Mars.
- Макала ичиндеги сүрөт Кытай илимдер академиясынын https://english.cas.cn/newsroom/research_news/life/202511/t20251110_1097950.shtml интернет баракчасынан алынды.
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



