Курамында темирдин көптүгүнө байланыштуу топоздун канын лиофилизация ыкмасы менен кургатуу аркылуу биологиялык активдүү кошумчаларды даярдоого болот.
Азык-түлүктөгү темир эки валенттүү жана үч валенттүү абалдарда кездешет.
Ичеги-карында темир иондору ар кандай формаларга айланып, кычкылдануу жана калыбына келүү процесстеринен өтүп, сиңет.
Үч валенттүү темир транспорттук белок – ферритин менен байланыша алат.
Андан кийин ал эки валенттүү формага өтүп, гемоглобин молекуласынын түзүлүшүнө катышат.
Адам организмине темир жетишсиз болгон кезде, аны толуктоо максатында атайын биологиялык активдүү кошумчалар колдонулат.
Алардын курамында негизинен органикалык темир туздары (фумарат, глюконат жана бисглицинат) бар.
Ошондой эле микроэлементтерди жана витаминдерди кошкон БАКтар кездешет, алар темирдин сиңишине жана ташылышына жардам берет.
Көбүнчө табигый БАКтар: гемотоген, сыра ачыткылары жана темир туздары менен байытылган башка кошумчалар колдонулат.
Кыргызстан бийик тоолуу шартынан улам, темир жетишсиздиги күч алган аймактардын катарында.
Бул жагдай адам менен бирге жаныбарларда да ар түрдүү ооруларга себеп болот. Анткени, бийик тоолуу шарттарда темир жетишсиздик анемиясынын деңгээли кыйла жогорулайт.
Анын негизги себептеринин бири – азыктын жетишсиздиги же бир түрдүүлүгү.
Акыркы он жылдыкта Кыргызстанда темир жетишсиздик анемиясы менен ооругандардын саны үч эседен ашык көбөйгөн, мындан төрөт курагындагы аялдардын 60%ы жана балдардын 50%ы жабыркаган.
Андыктан, биологиялык жаңы активдүү заттарды алуу технологиясын иштеп чыгуу – бул көйгөйдү алдын алуу жана анемияга кириптер болгон адамдарды андан арылтып, дарылоодо көңүл бура турган иш багыттардын бири.
Алсак, Кыргызстандын өзүндө топоздун канынан темирге бай жана организмге жеңил сиңүүчү биокомпозит (дары же азыктык кошумча) алуу технологиясын иштеп чыгуу зарыл.
Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Тоң, Кара-Кулжа, Алай, Чаткал, Аксы райондорунда багылган топоздор дары-дармек касиетине жана энергетикалык мааниси өтө жогору чөптөр менен азыктангандыктан, алардын азык-түлүк продукциясы чоң геронтологиялык баалуулукка ээ.
Изилдөөлөр боюнча Кыргызстандагы топоздордун тибеттик топоздор менен бирдей генотиптик белгилери бар. Бул алардын Тибеттен Борбордук Азиянын тоолоруна тараганын билдирет.
Топоздун кургатылган канын алуу үчүн лиофилизация ыкмасы
Буга чейинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, топоздун канындагы темирдин деңгээли башка бодо малдын канына салыштырганда үч эсеге чейин жогору.
Топоздун канын алуу жана кургатуу үчүн лиофилизация методу колдонулат.
Бул ыкма изилденүүчү материалды жумшак кургатууну камтыйт жана вакуум шартында эриткичти сублимациялоо аркылуу ишке ашырылат.
Лиофилизация – биологиялык ар түрдүү продуктыларды узак убакытка сактоо жана консервалоо үчүн пайдаланылган ыкма.
Ал кургак донордук плазманы, кургак сывороткаларды жана вакциналарды алуу максатында, ошондой эле фармацевтика жана тамак-аш өнөр жайында кеңири колдонулат.
Лиофильдик кургатуу ыкмасынын кеминде үч артыкчылыгы бар. Алар:
-сактоо мөөнөтүнүн узак болушу;
-даяр продукциянын массасынын аздыгы;
-кургатылган материалдын структуралык бүтүндүгүн жана биологиялык активдүүлүгүн сактоо.
Лиофилизация – суу камтыган материалдардан сууну кайра генерациялоонун келечектүү жолдорунун да бири.
Бул ыкманын жардамы менен кургатылган объекттин формасы, көлөмү, түсү, жыты жана башка касиеттери сакталат. Башкача айтканда, продукттун туруктуулугу камсыздалат.
Атүгүл бир нече жыл өткөндөн кийин да сублимациялык (лиофильдик) кургатуу аркылуу алынган препарат өзүнүн касиеттерин толук сактап калат.
Топоздун канын лиофильдик кургатуу процессинин этаптары
Лиофилизация процесси үч негизги баскычтан турат:
- Изилденүүчү материалды тоңдуруу – ал толугу менен муздаткыч камерасында -60°С температурада тоңдурулат;
- Негизги (биринчи) кургатуу – CoolSafe 95/55-80 лиофильдик кургаткычында жүргүзүлүп, вакуум шартында суунун 95% бууланып кетет;
- Экинчи кургатуу – калган суу молекулалары толук алынат, температура адатта 0°Стен жогору болот.
Процесс болжол менен 24 саатка созулат. Акыркы продукттун нымдуулугу 1–4% деңгээлде аныкталат.
Топоздун лиофилдештирилген канындагы темирди аныктоо
Лиофилдештирилген кан үлгүсүндөгү темирдин көлөмү роданиддик ыкма менен аныкталат.
Ал дагы үч этаптан турат: үлгүнү даярдоо, аныктоо процессин жүргүзүү жана жыйынтыкты эсептөө.
Натыйжада топтоздун лиофилдештирилген кан үлгүсүндө 0,26% темир кычкылы (FeO) жана 0,18% таза темир бар экени аныкталган.
Бул формадагы темир организмге жакшы сиңет.
Топоздун канынын биохимиялык көрсөткүчтөрү
Биздин изилдөөдө топоздордун канындагы глюкозанын орточо концентрациясы (4,3 ммоль/л) же уйдукунан (3,04 ммоль/л) жогору экендиги аныкталды.
Гемоглобиндин жана темирдин деңгээли боюнча айырмачылыктар да байкалат.
Уйларда гемоглобин орточо 103,08 г/л болсо, топоздордо бул көрсөткүч 142,96 г/лге жетет.
Ошол эле учурда, топоздордун канындагы темирдин концентрациясы (31,6 ммоль/л) же уйдукунан (18 ммоль/л) дээрлик эки эсеге жогору.
Бул топоздордун кан системасынын жогорку кислород ташуучулук жөндөмүн жана гипоксиялык шарттарга адаптацияланышын көрсөтөт.
Топоздордун канындагы биохимиялык курам алардын жаратылыштык жашоо шарттарына ыңгайлашуусунан улам калыптанган.
Кыш мезгилинде рациондогу азыктык заттар менен витаминдердин аздыгынан улам, көпчүлүк көрсөткүчтөр жай мезгилине караганда бир аз төмөн чыгат.
Топоздордун каны жалпы белок, кальций, фосфор жана глюкоза боюнча уйдукуна окшош, бирок гемоглобин жана темирдин деңгээли кыйла жогору.
Ошондуктан топоз каны темир жетишсиздигин алдын алуу жана дарылоо максатында биокомпозиттерди даярдоо үчүн эң ылайыктуу чийки зат.
Жыйынтыктап айтканда, биздин изилдөөбүз боюнча жана пикирибизде, топоздун канында темирдин концентрациясынын өтө жогору көрсөткүчүнөн улам аны лиофилизация ыкмасы аркылуу кургатып, бүт сапатын сактап калуу менен бирге темир жетишсиздигин алдын алуу үчүн биологиялык активдүү кошумчаларды даярдоого болот.
Шилтемелер:
- Бул макалага негиз болгон илимий макала КУАУнун “Вестник” журналында жарыяланган, түп нускасы: https://knau-bulletin.com/…aka
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Rimond Klavins.



