Skip to ma content
search

Пластиктин бүт жашоо циклинде чыккан булгануулардан адамдын саламаттыгына тийүүчү терс таасирлер 2040-жылга чейин эки эсе көбөйүшү мүмкүн. 

Илимпоздор мындай кырдаалга жол бербөө үчүн ыкчам чаралар көрүлүшү керек деп эсептешет. 

 

Улуу Британиянын жана Франциянын университеттери биргелешип жүргүзгөн изилдөө биз колдонгон пластиктин жашоо циклинин  ар бир баскычында адамдын саламаттыгына зыян тийерин аныктаган.  

Гигиена жана тропикалык медицина боюнча Лондон мектеби (LSHTM) билдиргендей, алардын жана Тулуза (University of Toulouse), Эксетер университеттеринин (University of Exeter) окумуштуулар тобунун изилдөөсүндө пластиктин 90%дан ашууну үчүн негизги  чийки  зат болгон казылып  алынуучу отундан тартып, материалдарды өндүрүү жана алардын акыркы утилденүүсүнө же айлана-чөйрөгө чыгарылышына чейинки жараян камтылган. 

Окумуштуулар  тобу моделдөө ыкмасын колдонуу менен 2016-жылдан 2040-жылга чейинки  мезгилде пластикти өндүрүү, пайдалануу жана таштандыларды башкаруудагы ар кандай сценарийлердин саламаттыкка тийгизген терс таасирлерин салыштырышкан.

Илимий изилдөөнүн өзү The Lancet Planetary Health журналында жарыяланган.

Илимпоздордун моделдөө ыкмасы көрсөткөндөй, “адаттагыдай бизнес” сценарийинде 2040-жылга чейин пластиктин саламаттыкка терс таасири эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. 

Анын ичинде булганыч же парник газдарынын чыгышы жана глобалдык температуранын көтөрүлүшү саламаттыкка зыяндын 40%ын түзөт. 

Ал эми абанын булгануусу – негизинен пластикти өндүрүү процессинен – 32%га, пластиктин жашоо циклинде айлана-чөйрөгө чыккан уулуу химиялык заттардын таасири 27%га  барабар. 

Калган терс таасирлер (1%дан аз) суунун жеткиликтүүлүгүнүн азайышы, озон катмарына таасир жана иондуу нурлануунун көбөйүшү менен байланыштуу. 

Гигиена жана тропикалык медицина боюнча Лондон мектеби белгилегендей, алардын биргелешкен изилдөөсү мурдагылардан айырмаланат. 

Анткени, анда пластиктин жашоо цикли бою чыккан парник газдары, абаны булгоосу жана уулуу химиялык заттардын бөлүнүүсүнүн адамдын саламаттыгына тийгизген терс таасири глобалдык деңгээлде биринчи жолу   эсептелген. 

Окумуштуулар бул үчүн изилдөөсүндө “Эмгекке жарамсыздыкка жараша жөнгө салынган жашоо жылдары” – DALYs (disability-adjusted life-years) деген түшүнүктү киргизишкен. 

Алардын эсептөө модели көрсөткөндөй, эгер пластик системасы боюнча саясат, экономика, инфраструктура, материалдар же керектөөчүлөрдүн жүрүм-туруму эч кандай өзгөрүүсүз уланса (“адаттагыдай бизнес” сценарийи), саламаттыкка бир жылда тийүүчү  таасир 2016-жылдагы 2,1 миллион DALYsден 2040-жылга чейин 4,5 миллион DALYsге чейин көбөйүшү мүмкүн. 

Ал эми жалпысынан, изилдөө 2016-2040-жылдар аралыгында глобалдык пластик системасы 83 миллион дени сак жашоо жылдарын кыскартууга себеп боло алат деп баалайт.

 

Келечекке альтернатива издөө 

 

Гигиена жана тропикалык медицина боюнча Лондон мектебинин (LSHTM) маалыматында айтылгандай, изилдөөчүлөр ошондой эле келечектеги альтернативдүү сценарийлерди, пластик менен күрөшүү үчүн ар кандай чараларды караштырды. 

Алардын баалоосунда, пластик таштандыларын чогултуу же кайра иштетүүнү көбөйтүү боюнча жеке чаралар глобалдык саламаттыкка таасирди көп деле азайтпайт. 

Эң эффективдүү ыкма – системаны толук өзгөртүүнү камтыган комплекстүү чечим. 

Андан эсептөөлөр көрсөткөндөй, 2040-жылга чейин “адаттагыдай бизнес” сценарийге салыштырмалуу глобалдык саламаттыкка тийүүчү терс таасирди 43%га азайтууга болот. 

Пластиктин негизги өндүрүшү – бардык сценарийлерде саламаттыкка терс таасирлердин башкы себеби. Пластикти бөлөк материалдар менен алмаштырбай эле өндүрүштү азайтуу эң чоң пайда алып келмекчи. 

Калыбына келүүчү энергия булактарына өтүү глобалдык жылуулук жана абаны булганышы менен байланышкан кээ бир таасирлерди жумшартып бериши мүмкүн. Бирок пластикти өндүрүү жана таштандыларды башкаруу менен байланышкан бөлөк зыяндуу натыйжаларды чечпейт.

“Биз көрсөткөндөй, адатта жеке продуктылардын жана технологиялардын экологиялык изин баалоодо колдонулган моделдөө ыкмалары, эми чоң масштабда туруктуу өнүгүү маселелерин чечүүдө маанилүү куралга айланууда. 

Биздин изилдөөдө ушул ыкма пластиктин жашоо цикли боюу адамдын ден соолугуна тийгизген чоң таасирлерин аныктоого жардам бере алары да билинди. 

Азыр бизге пластиктин айлана-чөйрөгө жана акыры адам ден соолугуна тийгизген терс таасирлерин азайтуу үчүн шашылыш чара көрүү зарыл”,- дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, Эксетер университетинин профессору Сяою Ян (Xiaoyu Yan). 

 

Пластик өндүрүштүн ачыктыгына жетишүү 

 

“Биздин изилдөө пластиктин ден соолукка тийгизген терс кесепеттери биз пластикалык продукт сатып алган учурдан же пластикалык буюмдарды кайра иштетүү контейнерине ыргыткандан алыс экенин көрсөтүп турат.

Көбүнчө жоопкерчилик пластиктин жеке керектөөчүлөрүнө жүктөлөт, бирок ар бирибиздин пластикти аз колдонууда маанилүү ролубуз бар болгону менен, биздин талдоо пластикти өндүрүүнүн, колдонуунун жана утилдештирүүнүн  бардык этаптарында системалуу өзгөртүүлөр зарылдыгын айгинелөөдө. 

Пластикке  байланыштуу  коомдук саламаттык чөйрөсүндө күчөп бара жаткан кризистик кырдаалды  чечүү үчүн өкмөттөрдүн дымактуу  пландары  жана өнөр жайдын  ачыктыгы  талап кылынат. 

Өндүрүш тармагынын маалыматты жашырышы жана пластиктин химиялык курамы боюнча туруктуу отчет бербегендиги адамдын, экосистеманын жана айлана-чөйрөнүн корголушуна багытталган натыйжалуу саясатты иштеп чыгуу үчүн пластиктин жашоо циклин баалоо мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу чектейт”,- дейт  изилдөөнүн  авторлорунун  бири, Гигиена жана тропикалык медицина боюнча Лондон мектебинин (LSHTM) илимий кызматкери Меган Дини ( Megan Deeney).  

Авторлордун жазганына караганда, алардын изилдөөсү эмиссия (өндүрүштөн бөлүнгөн булганыч газдар) боюнча жеткиликтүү маалыматтарды гана моделдөөгө негизделгендиктен, бул ыкмага  мүнөздүү чектөөлөр да бар. 

Мисалы, изилдөө пластикти колдонуу баскычтарында (колдонуучулар жана өндүрүш тармагы пластикти активдүү колдонуп жаткан учурдагы), ошондой эле пластиктин курамындагы көптөгөн химиялык заттардын, анын жашоо циклинде пайда болгон микро жана нанопластиктердин саламаттыкка тийүүчү ыктымал таасирлерин баалай алган эмес. 

Мындагы маанилүү себеп – маалыматтардын жетишсиздиги жана өндүрүүчүлөрдүн пластик курамын ачык көрсөтпөгөнү. 

Изилдөө авторлорунун пикиринде, пластик өндүрүшүндө ачыктыктын камсыздалышына бирдей отчет берүү менен маалымат алмашуунун милдеттүү глобалдык механизми аркылуу жетишүү – эффективдүү сунуш иштеп чыга алган илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. 

“Азыркы багыт кабыл алынгыс, бирок бизде реалдуу жана ишке ашырууга мүмкүн болгон альтернативалар бар. Адамдарды жана планетаны коргоо үчүн пластикти өндүрүүнү олуттуу жана коллективдүү түрдө азайтуу менен бардык продуктылардагы кооптуу химиялык заттарды колдонуудан толук баш тартууга багытталган глобалдык аракеттер керек”, – деп белгилешет изилдөө авторлору. 

 

Дүйнөлүк пластик өндүрүштүн көлөмү 

 

Пластик өнөр жайы  дүйнөдө 1900-жылдардын башында, АКШда  алгачкы синтетикалык  пластиктин өндүрүлүшүнөн тарта  пайда болгон. 

1950-жылдарга келип, пластиктин негизги өндүрүшүнүн жылдык  көлөмү  дүйнөдө 1,5 миллион эле тоннаны түзсө, Экономикалык  кызматташтык  жана өнүгүү  уюмунун (OECD) эсебинде, 2019-жылы  бул көрсөткүч 431 миллион тоннага  чыкты. 

Дүйнөлүк пластик өндүрүш тууралуу Түндүк кеңешинин  (Nordic council) өлкөлөрү: Дания, Исландия, Норвегия, Финляндия, Швеция жана глобалдык жылуулук боюнча Париж келишиминин аткарылуусу үчүн  иш жүргүзгөн Systemiq компаниясы да атайын  баяндама даярдаган. 

Алардын эсебинде, 2019-жылы дүйнөдө болжол менен 460 миллион тонна пластик өндүрүлгөн (анын 430 миллион  тоннасы жаңы, 29 миллион тоннасы кайра иштетилген пластик) жана 385 миллион тонна пластик калдыктары пайда болгон. 

Инфографика

Бул баяндама авторлорунун пикиринде,  учурдагы глобалдык пластик системасы калдыктарды натыйжалуу башкарууга жөндөмдүү эмес.  Андыктан, пластик калдыктарынын болжол менен 28%ы туура эмес башкарылып, 2019-жылы  анын көлөмү 110 миллион  тоннага жеткен. 

Бул көлөмдүн ичинен болжол менен 43 миллион тоннасы таштанды жайларына кеткен, 39 миллион тоннасы ачык жерде күйгүзүлгөн, ал эми 28 миллион  тоннасы жер кыртышына  же суу чөйрөсүнө чыккан.

Эгер “адаттагыдай бизнес” сценарийи  улана  берсе, 2040-жылга карата жаңы пластикти өндүрүүнүн жылдык көлөмү 712 миллион тоннага, ал эми туура эмес башкарылган пластиктин көлөмү 205 миллион тоннага чейин барат. 

Натыйжада пластик системасынан чыккан парник газдарынын көлөмү 2019-жылдагы 1,9 гигатонна көмүр кычкыл газы эквивалентинен (GtCO₂e) 2040-жылга карата 3,1 гигатонна көмүр кычкыл газы эквивалентине (GtCO₂e) чейин көбөйүшү мүмкүн. 

Бул “адаттагыдай бизнес” сценарийинде пластик өндүрүштөн чыккан булганыч газдын көлөмү 2040-жылы 2019-жылга салыштырмалуу  63%га өсөт дегендик. 

 

Шилтемелер: 

  1. Маалымат макала  Гигиена жана тропикалык медицина боюнча Лондон мектебинин (LSHTM) интернет баракчасындагы материалдын  https://www.lshtm.ac.uk/newsevents/news/2026/global-health-impacts-plastics-systems-could-double-2040 жана Түндүк кеңеши менен https://pub.norden.org/temanord2023-539/executive-summary.html Systemiq компаниясынын баяндамасынын негизинде жазылды. 
  2. Маалымат макалага  негиз  болгон илимий изилдөө  https://www.thelancet.com/journals/lanplh/article/PIIS2542-5196(25)00284-0/fulltext  The Lancet Planetary Health журналында  жарыяланган. 
  3. Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Engin Akyurt. 
  4. Макала ичиндеги инфогрфиканы Эл Илим коомдук фонду даярдады. 
Close Menu
made in Moore Studio