Автор: Алисон Жонс (Alison Jones)
Зымсыз байланыштын бешинчи мууну – 5Gнин күнүмдүк турмуштагы жана адамдын саламаттыгына тийиши мүмкүн болгон таасирин Европа Биримдиги каржылаган окумуштуулар изилдеп жатышат.
Бул макала алгач Horizon – Европа Биримдигинин изилдөө жана инновация журналы тарабынан жарыяланган.
Автору Алисон Жонс (Alison Jones).
Европада 5G антенналары көбөйүп, тезирээк жүктөөнү, жакшыраак байланышты жана ишенимдүү агымды берүүнү камсыз кылган сайын, анын саламаттыкка тийгизүүчү ыктымал таасири боюнча адамдардын кооптонуулары да күчөдү.
Мындай кооптонууларга жооп берүү үчүн ЕБ тарабынан каржыланган изилдөөчүлөр 5G тармактарынан чыккан радиожыштыктагы электромагниттик талаалардын (РЖ-ЭМТ –RF-EMF) күнүмдүк таасири чындыгында кандай экенин жана бул биздин саламаттык үчүн эмнени билдирерин изилдешүүдө.
Изилдөөнүн азыркыга чейин алынган жыйынтыктары ишеним жаратат.
Чыныгы шарттагы таасирди өлчөө
Бул ишти жетектеген илимпоздордун бири – профессор Моника Гуксен (Monica Guxens), Барселонадагы Глобалдык саламаттык институтунун (ISGlobal) дарыгери жана коомдук саламаттыкты сактоо адиси.
“Бизге Европа калкына таасирдин азыркы деңгээлин түшүнүү зарыл”, – деди Гуксенс.
Ал Европа Биримдиги тарабынан каржыланган эл аралык изилдөө демилгеси GOLIATты координациялап жатат. Бул беш жылдык долбоор 2027-жылдын июнуна чейин иштейт.
GOLIAT – Европа Биримдигинин электромагниттик талаалар жана саламаттыкка байланыштуу долбоорлорунун кластери – CLUE-Hтин бир бөлүгү.
Аталган долбоорлор иликтөөнүн ыкмаларын жана маалыматтарын бириктирип, саламаттыкка тийген таасирлер боюнча жалпы далил базасын күчөтүүнү максат кылат.
Профессор Моника Гуксенстин тобуна Европанын 10 өлкөсүндөгү 25 уюмдан изилдөөчүлөр кирет, ошондой эле АКШ, Жапония жана Түштүк Кореядан кошумча өнөктөштөр бар.
Алар ар кандай шарттардагы таасир деңгээлдерин, саламаттыкка тийүүсү мүмкүн болгон физикалык жана психологиялык кесепеттерди, ошондой эле тобокелдиктер жөнүндө так жана натыйжалуу маалымат берүү жолдорун изилдеп жатышат.
“Ар кандай өлкөлөрдө масштабдуу өлчөөлөрдү жүргүзүү 5G тармактары кеңири жайылып жаткан учурда адамдар кайда жана кандай деңгээлде радио жыштыктагы электромагниттик талааларга (РЖ-ЭМТ-RF-EMF) дуушар болорун түшүнүүгө жардам берет, – деп кошумчалады Гуксенс.
Европада 5G таасирин картага түшүрүү
Биринчи тапшырмалардын бири – адамдар күнүмдүк жашоодо канча РЖ-ЭМТга дуушар болуп жатканын өлчөө болду.
Чыныгы турмуштагы таасирди аныктоо үчүн Бельгия жана Швейцариядагы изилдөөчүлөр 5G таасирин бүгүнкү күнгө карата эң толук баалоону жүргүзүштү.
Алар айлана-чөйрөдөгү радиожыштык толкундарын өлчөө үчүн портативдик “экспозиметрди” колдонушкан, ошондой эле смартфондорго туташкан жаңы сенсорлор аркылуу радиацияны көзөмөлдөшкөн.
Евробиримдиктин сегиз өлкөсүндө, ага катар Швейцарияда жана Улуу Британияда шаар жана айыл аймактарында 800дөн ашык өлчөөлөр жүргүзүлгөн.
Окумуштуулар тобу учуу режиминде турган телефондордон баштап, тиркемелерди жөнөтүү же видеоберүүлөрдү түз ободо көрүү сыяктуу көп маалымат алмашууну талап кылган аракеттерге чейинки ар кандай сценарийлерди изилдеген.
Жыйынтыктар көрсөткөндөй, РЖ-ЭМТнын күнүмдүк чөйрөдөгү таасири бардык өлчөөлөрдө эл аралык чектен дээрлик алда канча төмөн бойдон калууда.
Бул чектер көз карандысыз илимий уюмдар тарабынан белгиленген, жалпы эл үчүн коопсуз деп эсептелген, максималдуу уруксат берилген таасир деңгээлин аныктайт жана чоң коопсуздук резервин да камтыйт.
Бирок таасир деңгээлдери түзмөктөрдүн кайсы жерде жана кандай колдонулушуна жараша өзгөрүп турган.
Тыгыз жайгашкан шаардык аймактарда мобилдик негизги станциялардын сигналдары адатта жогору болот.
Айыл жерлеринде, телефондор чоң көлөмдөгү маалыматтарды жөнөтүп жаткан учурда, таасир дэңгээли кыска мөөнөт жогору болушу мүмкүн.
Анткени, байланыш алсыз болгон учурда түзмөктөр жогорку кубаттуулукта иштейт.
Саламаттыкка тийгизүүчү таасирди текшерүү
Таасирди өлчөө – маселенин бир гана бөлүгү. 5G сигналдары организмге дароо таасир этеби же жокпу? Муну аныктоо үчүн Франциядагы изилдөөчүлөр адамдарда биринчи жолу координацияланган лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Анда негизги жыштык – 5G-3,5 гигагерцке көңүл бурулган.
Бул үчүн Франциянын Өндүрүштүк чөйрө жана тобокелдиктер боюнча улуттук институтунда (INERIS) саламаттыгы чың 31 ыктыярчы 5G сигналдарына 26 мүнөт бою көзөмөл астында, айлана – чөйрөдөгү чыныгы таасирди чагылдырган шарттарда дуушар болушкан.
“Биз ден соолугу чың, курагы жаш адамдарда жүрөктүн иштешине, стресстин деңгээлине, теринин температурасына же мээнин активдүүлүгүнө өлчөнүүчү таасирди байкаган жокпуз.
Узак мөөнөттүү жана кайталануучу таасирди изилдөө зарыл болсо да, биздин жыйынтыктар реалдуу шарттардагы бул жаңы 5G жыштык тилкесинин коопсуздугу боюнча үмүт жараткан далилдерди берет.
Бул ошондой эле учурдагы эл аралык коопсуздук баалоолоруна салым кошот,- дейт изилдөөгө катышкан дарыгерлердин бири Брахим Сельмауи (Brahim Selmaoui).
Адамдар таасир деңгээлин өзү текшерүүсүнө жардам берүү
Лабораториялык жыйынтыктардан тышкары, изилдөөчүлөр адамдарга өзүнө тийген таасирди жакшыраак түшүнүүгө жана керексиз тынчсызданууну азайтууга жардам берүүнүн чоң маанисин көрүп жатышат.
Швейцариянын Тропикалык жана коомдук саламаттык институтунда (Swiss Tropical and Public Health Institute) экологиялык таасирлер жана саламаттык бөлүмүнүн башчысы Мартин Рёссли (Martin Roosli) жалпыга ачык онлайн “доза” базасын түзүүнү жетектейт.
Бул база колдонуучуларга күнүмдүк жүрүм-турум таасир деңгээлине (5 Gнин) кандай таасир тийгизерин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
“Коом үчүн адамдар өздөрүн маалыматтуу жана коопсуз сезүүсү абдан маанилүү. Адамдар көп учурда абдан практикалык суроолорду беришет. Телефонду тумбочкада коюп уктоо коопсузбу?, аны алысыраак кармоо керекпи?”, – дейт Рёссли
Бул онлайн аспаб 2026-жылдын жазында ишке кириши күтүлүүдө. Ал колдонуучуларга мобилдик телефонду жана башка түзмөктөрдү кантип колдонушканы, ошондой эле кайсы жерде жашаганы тууралуу маалыматтарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана таасир деңгээлинин типтүү көрсөткүчтөрү боюнча тагыраак түшүнүк алууга жардам берет.
Алгачкы жыйынтыктар көрсөткөндөй, түнкүсүн телефонду 30 – 40 см аралыкта минималдуу активдүүлүк менен кармоо дээрлик таасир жаратпайт. Ал абдан кыска телефон чалуудан да кыйла аз таасир берет.
Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, адамдын жүрүм-туруму кыйла маанилүү болушу мүмкүн. Мисалы, уйку телефондон келген билдирүүлөр же видеоконтентти кечки сааттарда көрүү аркылуу бузулса.
Жүрүм-турум жана жашоо сапаты
Бул айырмачылык саламаттыкка узак мөөнөттүү таасирди изилдөөнүн учурдагы баскычында негизги мааниге ээ.
Окумуштуулар балдар жана жаштар арасында санариптик байланыш түзмөктөрү менен нейропсихологиялык көрсөткүчтөрдүн байланышын, анын ичинде когнитивдик функцияларды, уктоо сапатын жана психикалык саламаттыкты да изилдеп жатышат.
“Телефон радиожыштыктагы электромагниттик талааларга гана дуушар кылбайт. Ал ошондой эле экран жарыгынын таасирин, психикалык активдүүлүктү же түзмөккө көз карандылыкты алып келет. Түзмөктөрдү колдонууга байланыштуу ар кандай факторлордун таасирин айырмалоо оңой эмес”, – деп түшүндүрдү Гуксенс.
Болгону бир учурдагы гана таасирди өлчөө менен чектелген мурдагы көптөгөн изилдөөлөрдөн айырмаланып азыркы изилдөө ага катышкандарды узак убакыт бою көзөмөлгө алат. Бул илимпоздорго себептин байланыштарын айырмалоого жардам берет.
“Эгер кимдир бирөө жакшы уктабаса, буга радиация себеппи же кечки сааттарда телефонго олтурганы себеппи? Узак мөөнөттүү маалыматсыз бул суроого жооп берүү мүмкүн эмес”,- дейт профессор Моника Гуксенс.
Маалыматтык ажырымды жоюу
Изилдөөлөргө катышкан окумуштуулар үчүн так маалымат берүү – өлчөөлөр жана анализ сыяктуу эле маанилүү. Алардын пикиринде, 5G тууралуу туруктуу жалган маалымат тез өнүгүү жолундагы технология менен коомчулук түшүнүгү ортосундагы боштукта гүлдөп жатат.
Ишинин бардык баскычтарында илимпоздор жарандар менен түз байланыш орнотуп, алардын кооптонуулары менен адашууларын түшүнүүга аракет кылышат.
Ошондой эле алар изилдөөнүн жыйынтыктарын элге жеткирүүнүн ыкмаларын да аныкташат.
Мисалы, натыйжаларды социалдык тармактар стилиндеги кыска жана жеткиликтүү видеолор аркылуу жөнөкөй жана ачык түшүндүрүп берүү.
“Адамдарга таасир деңгээлин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген куралдарды тартуулоо, ал тургай тобокелдик төмөн болгон күндө да, тынчсызданууну азайтууга жардам бере алат”, – дейт Гуксенс.
Европа Биримдиги Connecting Europe Facility сыяктуу демилгелери аркылуу санариптик инфраструктурага активдүү инвестиция жасап жатканын жана 6G тармактары болжол менен 2030-жылдан тарта пайда болорун эске алганда, изилдөөчүлөр туруктуу мониторинг зарыл экенин белгилешет.
“Технологиялар өтө ылдам өзгөрүүдө, андыктан таасирди баалоо да аларга тең тайлаш жүрүшү керек. Биз бул өзгөрүүлөрдүн калк үчүн, азыркы жана келечектеги, таасирин түшүнүшүбүз абзел”, – дейт илимпоз Мартин Рёссли.
Бул макаладагы изилдөөгө Европа Биримдигинин Horizon программасы каржылык колдоо көрсөткөн. Изилдөөнүн жүрүшүндө интервьюга катышкандардын көз караштары Европа комиссиясынын көз карашын чагылдырбайт.
Илимий жана техникалык терминдерге түшүндүрмө:
5G – мобилдик байланыш тармагынын бешинчи мууну, зымсыз байланыштын 1G, 2G, 3G жана 4G тармактарынан кийин келген дүйнөлүк стандарты.
5G технологиясынын пайда болушу мобилдик тармактардын өнүгүүсүндө мурунку муундардын жетишкендиктерине негизделген. 1Gден 4Gге чейинки ар бир муун ылдамдыкта, өткөрүмдүүлүктө жана функциялык мүмкүнчүлүктөрдө жакшыртууларды алып келип, 5Gнын трансформациялык мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачты.
Эң алгач 2019-жылдан тарта ишке кирген 5G 4Gге салыштырмалуу 20 эсе жогору ылдамдыкка, маалыматтарды тезирээк жүктөө жана сапаттуу агылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ал эми минималдуу кечигүүсү (5 миллисекунддан аз) дистанциялык хирургия сыяктуу тиркемелер үчүн өтө маанилүү.
Массалык туташуу мүмкүнчүлүгү боюнча бир чарчы чакырым аймакта 1 миллион даанага чейинки түзмөктү колдой алат.
5G-3,5 ГГц диапазону (C-диапазон) – 5G үчүн негизги глобалдык стандарт тилкеcи. Ал тилке шаардык жана шаарга жакын аймактарда жайылтууда ылдамдык менен камтуунун оптималдуу тең салмагын камсыз кылат.
Мобилдик байланыштын камтуу, өткөрүмдүүлүк жана ылдамдык жагынан “алтын ортосу” катары белгилүү жана дүйнө өлкөлөрүндө 5G тармактарын алгачкы жайылтууда эң көп колдонулган тилке.
6G – мобилдик байланыш тармагынын учурдагы 5G технологиясынын ордун баса турган алтынчы мууну.
6G 5Gге караганда жогорку маалымат ылдамдыгын, төмөнкү кечигүүнү (латенттүүлүк – маалыматты бир чекиттен экинчи чекитке жеткирүүгө кеткен убакыт) жана чоңураак өткөрүмдүүлүктү камсыз кылары күтүлүүдө.
6Gнин алгачкы коммерциялык колдонулушу 2030-жылдарга туура келери божомолдонууда.
6Gге өтүү маалымат берүүнүн ылдамдыгын азыркы 5G стандартына салыштырмалуу 50дөн 100 эсеге чейин жогорулатат деген эсептер бар.
Радиожыштыктагы электромагниттик талаалар (РЖ-ЭМТ)– көрүнбөгөн, ион чыгарбаган нурлануу толкундары (3 ГГцден 300 ГГцке чейин), зымсыз байланышта жана технологияларда колдонулат.
Алар мобилдик телефондордо, Wi‑Fiде, 5G тармактарында, ошондой эле радио жана телевидениеде маалымат өткөрүүнү камсыз кылат.
РЖ-ЭМТнын жогорку деңгээлдеги таасири адамдын ткандарынын ысып кетишине алып баруусу мүмкүн.
Бул түрдөгү таасирлерди алдын алуу үчүн эл аралык нускамалар (мисалы, ICNIRP – Ион чыгарбаган нурлануу боюнча эл аралык комиссия тарабынан) иштелип чыккан.
Гигагерц (ГГц- GHz) – жыштыктын бирдиги. Ал негизинен заманбап микропроцессорлордун такттык жыштыгын көрсөтүү үчүн колдонулат жана алардын операцияларды аткаруу ылдамдыгын аныктайт.
Ошондой эле радиотолкундар жана зымсыз байланыш тармактарында, мисалы Wi‑Fi же мобилдик телефондордо колдонулат.
Шилтемелер:
- Макала Horizon журналынын интернет баракчасынан https://projects.research-and-innovation.ec.europa.eu/en/horizon-magazine/beyond-fear-eu-funded-scientists-test-health-impacts-5g которулду.
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору iStock – LagartoFilm
- Илимий жана техникалык терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



