Гонконг шаардык университети күн панелдерин тазалоонун жаңы ыкмасын иштеп чыкканын жарыялады.
Жаңы ыкма, университеттин жазганына караганда, дүйнө жүзү боюнча күн панелдерин тазалоого бир жылда корогон сууну 80%дан ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Дүйнөдө күн энергиясы өнөр жайы тездик менен кеңейип жаткандыктан, акыркы жылдары күн панелдеринин саны да кескин көбөйдү.
Бирок, панелдердин бетинде топтолгон чаң жана булгоочу заттар энергияны айландыруунун натыйжалуулугун олуттуу төмөндөтөт, ал эми күн панелдерин тазалоонун учурда колдонулган салттуу ыкмалар сууну өтө көп талап кылат.
Бул көйгөйгө жооп иретинде Гонконг шаардык университети (CityUHK) алардын Механикалык инженерия кафедрасы жетектеген эл аралык изилдөө тобу “Суюктук тамчыларын чогултуу үчүн швабралар” (Liquid Droplet Mops) деп аталган революциялык технологияны ийгиликтүү иштеп чыкканын жарыялады.
Университеттин материалында айтылгандай, бул технология күн панелдеринин бетиндеги чаңды жана булгоочу заттарды натыйжалуу тазалоо үчүн суунун эң аз гана көлөмүн колдонуп, тазалоонун эффективдүүлүгүн кыйла жогорулатуу менен бирге, сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Изилдөөнү Гонконг шаардык университетинин (CityUHK) Механикалык инженерия кафедрасы менен Энергия жана айлана-чөйрө мектебинин профессору Стивен Ван ( Steven Wang) жетектеди.
Изилдөө Лондондогу Империал колледждин (Imperial College London) Химиялык инженерия кафедрасынын профессору Омар Матар (Omar Matar) менен кызматташтыкта жүргүзүлгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыктары абройлуу Nature Sustainability журналында жарыяланды.
Күн панелдерин тазалоодо адатта жогорку басымдагы суюк агымдар колдонулат.
Бирок алар сууну өтө чоң көлөмдө талап кылат. Дүйнө жүзү боюнча күн панелдерин тазалоого сарпталган суунун бир жылдык көлөмү 12 миллиард галлон же 45 миллиард 424 миллион литр же 45 миллион 424 миң m³дан ашык деп эсептелген. Күн панелдерин орнотуу көбөйгөн сайын бул көрсөткүч дагы өсөт.
“Тамчы швабрасы” же жаңы ыкманын өзгөчөлүгү
Гонконг шаардык университети белгилегендей, изилдөө тобу тазалоонун натыйжалуулугу тамчылардын энергиясына монотондуу эмес түрдө көз каранды экенин аныктаган.
Башкача айтканда, соккунун күчү канчалык жогору болсо, тазалоо ошончолук жакшы болот дегенди билдирбейт.
Тескерисинче, тазалоонун эң мыкты натыйжасы максималдуу күчтө эмес, орточо энергия деңгээлдеринде камсыздалат.
Инновациялык “Суюктук тамчыларын чогултуу үчүн швабралар” (Liquid Droplet Mops) технологиясы күн панелдеринин бетиндеги булгоочу заттарды натыйжалуу жок кылуу үчүн тамчылардын соккусун так көзөмөлдөйт жана бөлүкчөлөрдү тазалоо натыйжалуулугун 99,9%га чейин жеткирет.
Бул ыкма жогорку тыгыздыктагы чаңды, анын ичинде тыгыздыгы суудан 6-10 эсе жогору болгон оор бөлүкчөлөрдү да ийгиликтүү тазалайт. Салттуу ыкмаларга салыштырмалуу, бул технология суунун колдонулушун 6 -10 эсеге кыскартып, дүйнө жүзү боюнча күн панелдерин тазалоо үчүн талап кылынган жылдык суунун жалпы көлөмүн 80%дан ашык азайтуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Жаңы технология тамчылар панелдин бетине урунганда жайылышы жана кайра тартылышы (кайра жыйрылышы) учурундагы физикалык мыйзамченемдүүлүктөрдү колдонуп, булгоочу заттарды сүйрөп жана көтөрүп кетүүгө багытталган гидродинамикалык күчтөрдү жаратат.

Сүрөттүн авторлугу Гонконг шаардык университети (CityUHK) жетектеген изилдөө тобуна таандык.
Бул жаңычыл жетишкендик айрыкча кургак жана чөл аймактарындагы ири масштабдагы күн электр станциялары үчүн өтө келечектүү болуп, суу тартыштыгын жеңилдетүүгө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча кайра жаралуучу энергияны жайылтуунун туруктуулугун жана ишке ашуусун жогорулатууга шарт түзөт.
Профессор Стивен Ван алар иштеп чыккан технологияны жаратылыштын кубулуштарына, мисалы көпөлөктөрдүн канаттары менен өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын жөндөмүнө окшош көрүнүш катары түшүндүрдү.
Бул табигый беттер жамгыр тамчыларынын соккусунун жардамы менен өзүн-өзү тазалоо касиетине ээ.
“Биз бул жаңычыл технология дүйнөнүн суу ресурстарын сактоого, кайра жаралуучу энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана акыр аягында олуттуу экономикалык, экологиялык пайда алып келүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз”, – деди профессор Ван.
Илимпоз бул жөнөкөй, бирок абдан таасирдүү илимий изилдөөнүн натыйжасы экенин да кошумчалады. Ал жаңы тазалоо механизмин гана тастыктабастан, келечекте күн панелдерин тазалоочу жабдууларды инженердик жактан долбоорлоо ишине да маанилүү түшүнүктөрдү берет.
Гонконг шаардык университетиндеги Механикалык инженерия кафедрасынын PhD докторанты жана изилдөө тобунун мүчөсү Ло Вай-кин (Lo Wai-kin) изилдөөдө кум бөлүкчөлөрүнүн ар кандай өлчөмдөрүн колдонуп, чыныгы чөл шарттарын моделдөө үчүн тамчыларды кайра-кайра сынашканына көңүл бурду.
Изилдөөдө күн панелдерине түшкөн кум бөлүкчөлөрүнүн кадимки өлчөмдөр диапазонунда тамчылардын соккусу бөлүкчөлөрдү натыйжалуу бириктирип жана алып салууга жөндөмдүү экени аныкталган.
Бул ар бир тамчынын сокку энергиясын булгоочу заттарды алып кетүү үчүн кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берип, жыйынтыгы жогору жана туруктуу тазалоо механизмин түзөт.
Башкача айтканда, “тамчы швабрасы” – беттерди тазалоо системасы катары үзгүлтүксүз суу агымын же механикалык сүртүүнү эмес, контролдолгон тамчыларды колдонот.
Тазалоо сүртүү менен эмес, тамчылардын сокку уруусу, жайылышы жана агып кетүү кыймылы аркылуу ишке ашат.
Тамчылар панелдин же беттин үстүнө белгилүү өлчөмдө, ылдамдыкта жана бурчта түшүрүлөт. Сокку учурунда ар бир тамчы жайылып, панелдин бетинде жука катмар түзүп, чаңды жана кир бөлүкчөлөрүн бошотот. Андан кийин тамчы тартылуу күчүнүн же беттин эңкейишинин таасири менен агып же жылып кетип, кирди кошо алып чыгат.
Натыйжада, күн панелдерин аз суюктук колдонуу менен жана контактсыз түрдө “швабралоо” эффектиси жаралат.
Күн энергиясынын үлүшү
Энергия боюнча эл аралык агенттик (IAE) 2025-жылдын жыйынтыгы менен жарыялаган баяндамага караганда, бул жылы энергия берүүчү негизги отундар менен технологиялардын баарына суроо-талап өстү, бирок алардын өсүү ылдамдыгы бири-биринен олуттуу айырмаланды.
Мунун ичинен күн энергиясы (Solar photovoltaic energy) бир жылдагы өсүштүн эң ири булагы катары анын 25%дан ашыгын камсыз кылды.
2025-жылы энергиянын кайра жаралуучу булактарынан дүйнөлүк жаңы кубаттуулук 16%га же 800 ГВка (гигаватт) көбөйдү. Бул – кайра жаралуучу энергия кубаттуулугунун 23-жыл катары менен өсүшү жана кеңейүү жагынан жаңы рекорд жаратышы.
Мунун ичинен күн энергиясы дүйнө жүзү боюнча жаңы кошулган кайра жаралуучу кубаттуулуктун төрттөн үч бөлүгүнөн көбүн түздү. Андан кийин 20% үлүш менен шамал энергиясы экинчи орунда болду.
2025-жылы күн энергиясынын жаңы кубаттуулук кошулуулары болжол менен 12%га өсүп, биринчи жолу 600 ГВттан (гигаватт) ашты. Бул кеңейүү күн энергиясын алуу үчүн дүйнөдө орнотулган панелдердин жалпы кубаттуулугун болжол менен 2 800 ТВтка (тераватт) жеткирди.
2025-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөнүн электр кубатына болгон муктаждыгынын 34%ы калыбына келүүчү энергия булактарынан өндүрүлүп жатса, күн энергиясы мунун 8%дан ашуун бөлүгүн камсыздап калды.
Илимий жана техникалык терминдерге түшүндүрмө:
Гидродинамикалык күчтөр – кыймылдагы суюктуктун ((көбүнчө суунун) же газдын бир нерсеге тийгизген физикалык басымы, каршылык (сүрүлүү) жана көтөрүү күчтөрү.
Алар суюктуктун агымы жана ылдамдыгынын натыйжасында пайда болуп, фронталдык басым жана сүрүлүүчү жылма күч сыяктуу таасирлерди жаратат.
Гигаватт (GW) – кубаттуулуктун бирдиги, ал 1 миллиард ваттка (Вт) же 1 000 мегаваттка (MW) барабар.
Бул бирдик өтө чоң кубаттуулуктарды өлчөө үчүн колдонулат. 1 гигаватт болжол менен 100 миллион LED лампочканы күйгүзүүгө жетиштүү энергияга барабар деп элестетүүгө болот.
Тераватт (TW) – кубаттуулуктун бирдиги, ал 1 триллион ваттка (Вт) барабар.
Бул негизинен дүйнөлүк энергетикалык өндүрүштү же керектөөнү сүрөттөө үчүн колдонулат, мисалы дүйнөдөгү күн фотоэлектрдик системаларынын жалпы орнотулган кубаттуулугу.
Тераватт (TW) көбүнчө тераватт-саат (TWh) менен чаташтырылат. Бирок ал башка чоңдук. TWh (тераватт-саат) – энергиянын (иштин) бирдиги. Ал 1 триллион ватт кубаттуулук кайсыл бир система бир саат бою иштегенде өндүрүлгөн энергиянын өлчөмүн билдирет.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Гонконг шаардык университетинин (CityUHK) https://www.cityu.edu.hk/media/news/2026/04/13/liquid-droplet-mop интернет баракчасындагы материалдын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө Nature Sustainability https://www.nature.com/articles/s41893-026-01804-z журналында жарыяланган.
- Маалымат макаланы жазууда Энергия боюнча эл аралык агенттиктин (IAE) https://www.iea.org/reports/global-energy-review-2026/technology-solar-pv-and-wind баяндамасы да колдонулду.
- Башкы сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Priamo Mendez.
- Макала ичиндеги сүрөт Гонконг шаардык университетинин (CityUHK) интернет баракчасынан алынды жана изилдөө тобуна таандык.
- Илимий жана техникалык терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



