Skip to ma content
search

Окумуштуулардын эл  аралык  тобунун жаңы изилдөөсүнүн тыянагына караганда, Айдагы суу бир ири окуянын натыйжасында эмес, миллиарддаган жылдар боюу жай топтолгон болушу мүмкүн.

 

Айдагы суунун ыктымал  кору боюнча окумуштуулардын эл  аралык тобунун жаңы изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен АКШдагы Колорадо Боулдер университети (University of Colorado Boulder) тааныштырды. 

Ал эми илимий изилдөөнүн өзү Nature Astronomy журналында жарыяланган. 

Колорадо Боулдер университети маалымдагандай, бул изилдөө Айдын окумуштууларды ондогон жылдардан бери ойлондуруп келген бир сырын түшүнүүгө жардам берет. 

АКШнын космос агенттиги – NASAнын миссияларынан жана башка булактардан алынган байкоолор Айда суунун кору кыйла көп болушу мүмкүн экенин көрсөткөн кызыктуу далилдерди берген. 

Суу Айдын Түштүк уюлуна жакын жайгашкан терең жана дайыма көлөкөдө калган кратерлерде муз түрүндө топтолот. 

Бирок, муз кантип ал жакка келип калгандыгы же эмне үчүн ал айрым кратерлерде гана болуп, башкаларында жок экени азырынча  белгисиз. 

Соңку илимий изилдөөнүн жыйынтыктары деле суунун так булагын аныктай албайт, бирок айрым мүмкүнчүлүктөрдү четке кагат. 

Алардын ичинде суу Айдын бетине абдан чоң комета урунгандан кийин пайда болгону тууралуу божомол да бар. 

“Айдын эң эски кратерлеринде муз эң көп экендиги байкалууда. Бул Ай болжол менен 3 же 3,5 миллиард жыл боюу дээрлик тынымсыз түрдө сууну топтоп келгенин билдирет. Айдагы суу астронавттар үчүн алтын кенине тете болмок”,- дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, Колорадо Боулдер университетинин Атмосфералык жана космостук физика лабораториясынын (LASP) кызматкери, Астрофизика жана планетардык илимдер кафедрасынын  профессору Пол Хейн (Paul Hayne).

Айды изилдөөчүлөр келечекте музду ичүүчү суу катары казып алса болот же суутек жана кычкылтек атомдорун бөлүү аркылуу ракеталык отун да өндүрө алышат.

“Жерден тышкары жакта суюк жана колдонууга жарактуу түрдөгү сууну табуу астрономиядагы эң маанилүү маселелердин бири”,- дейт изилдөөнүн башкы автору, Израилдеги Вейцман илим институтунун (Weizmann Institute of Science ) планетардык илимпозу Одед Ааронсон (Oded Aharonson).

 

Айдагы туруктуу көлөкөлөр

 

Колорадо Боулдер уииверситетинин материалында белгиленгендей, илимпоз Пол Хейн Айдагы суунун мүмкүн болгон бир нече булагын атады.

Байыркы убактарда жанар тоолор Айдын терең катмарларындагы сууну анын бетине алып чыккан болушу мүмкүн. 

Суу ошондой эле Айга кометалар же астероиддер аркылуу келип түшкөн болушу ыктымал, же ал Күндөн чыккан жана Күн системасы боюнча тараган, заряддалган бөлүкчөлөрдүн туруктуу агымы –  күн шамалы аркылуу жеткен болушу мүмкүн.

“Суутектин тынымсыз агымы Күн шамалы аркылуу Айды бомбалап турат, ошол суутектин бир бөлүгү Айдын бетинде сууга айланышы ыктымал”,- дейт профессор  Хейн. 

Суунун кайсы жерден келгенине карабастан, Хейн сыяктуу илимпоздор муз Айдын “муздак тузактар” деп аталган аймактарында топтолгонуна дээрлик ишенишет. 

Булар – Айдын бетиндеги туруктуу көлөкөдө жайгашкан кратерлер, алар айрым учурларда миллиарддаган жылдар боюу Күндү көргөн эмес.

 

Айдагы муз кутулар

 

АКШнын космос агенттиги – NASAнын 2009-жылы учурулган Ай орбиталык аппаратынын (Lunar Reconnaissance Orbiter, LRO) Лайман-альфа картага түшүрүү долбоору (Lyman Alpha Mapping Project, LAMP) аспабынын байкоолору ошол кратерлердин айрымдарында муз болушу мүмкүн экенин көрсөткөн белгилерди тапкан.

“Айкын нерсе – муздун тарашы бир калыпта эместиги. Ал ар бир кратерде бирдей көлөмдө топтолбогон жана мунун кандайдыр бир ынанымдуу  түшүндүрмөсү болгон эмес”,- дейт профессор Пол Хейн.

Колорадо  Боулдер  университети жазгандай, изилдөөнүн авторлору мына ушул көрүнүшкө түшүндүрмө табууну чечишкен. Ал үчүн алар Айдын тарыхын артка “кайтарып”  көрүшкөн.

Изилдөөчүлөр NASAнын Ай орбиталык аппаратынын (Lunar Reconnaissance Orbiter, LRO) Дивайнер (Diviner) аспабынан алынган Ай бетинин температуралык маалыматтарын жана компьютердик симуляциялардын бир катарын колдонуп, Ай бетиндеги кратерлердин убакыт өтүшү менен кандай өзгөргөнүн баалашкан.

Окумуштуу Пол Хейндин айтымында, Ай дайыма эле бүгүнкүдөй багытта жайгашкан эмес. Убакыттын өтүшү менен анын Жерге салыштырмалуу эңкейиши  өзгөрүп келген. 

Натыйжада, бүгүн көлөкөдө турган кратерлер мурда дайыма эле көлөкөдө калган эмес болушу мүмкүн.

Симуляциялардын негизинде изилдөөчүлөр Айдын  эң узак убакыт боюу эң караңгы абалда болгон “муздак тузактарынын” тизмесин түзүштү.

Окумуштуулар дагы бир кызыктуу нерсени аныктады: Айдагы эң эски жана эң караңгы кратерлер Лайман-альфа картага түшүрүү долбоору (Lyman Alpha Mapping Project, LAMP) аспабы эң көп муз белгилерин байкаган жерлер менен дал келген.

Колорадо  Боулдер  университетинин пикиринде, бул изилдөөнүн жыйынтыктары астронавттарга сууну кайдан издөө керектиги боюнча багыт бере алат. 

Мисалы, Айдын Түштүк уюлуна жакын жайгашкан Хаворт (Haworth) кратери 3 миллиард жылдан ашык убакыттан бери көлөкөдө болушу ыктымал жана бул кратер Айдын көп көлөмдөгү муз сакталган эң негизги бөлүктөрүнүн бири деп болжолдонууда. 

Профессор Пол Хейн Айдын муз табылышы мүмкүн болгон кратерлери боюнча дагы да кеңири жана так байкоолорду чогултуу зарыл экенин кошумчалайт.

Ал ушул максат үчүн Айды компакттуу инфракызыл сүрөттөө системасы (Lunar Compact Infrared Imaging System L-CIRiS) деп аталган жаңы аспапты иштеп чыгууда. 

NASA бул аспапты 2027-жылдын аягында Айдын Түштүк уюлуна жакын аймакка жайгаштырууну пландап жатат.

“Акыр аягында, Айдагы суунун келип чыгышы тууралуу суроого үлгүлөрдү талдоо аркылуу гана жооп берүүгө  болот. Биз Айга барып, ал жерден алынган үлгүлөрдү изилдешибиз керек же болбосо аларды Айдан Жерге алып келүүнүн жолун  табышыбыз зарыл”, – дейт  илимпоз. 

АКШнын космос агенттиги – NASAнын төрт  астронавты Айдын Түштүк уюлун 2026-жылдын 1-10-апрель күндөрү Artemis II сапарынын алкагында айланып  учуп, сүрөттөрдү тартып  келишти. Бул учуу –  адам  баласынын жарым кылым  ашуун  убакыттан  кийин Айга  кайра кайтып барышы эле. 

NASA агенттигинин Artemis II сапарынан соң  жазганына караганда, учурда “Айдын Түштүк уюлуна келечектеги миссияларга даярдык көрүлүп жатат. Машыгуу жайларында жаңы муундагы космостук скафандрлар, Айда колдонулуучу шаймандар жана роверлер боюнча иштер уланууда. Келечектеги Artemis миссиялары Айдагы катуу жарык шарттары, Ай чаңы жана өтө жогорку же төмөн температура сыяктуу кыйынчылыктарга туш болот”. 

 

Илимий  жана техникалык терминдерге түшүндүрмө: 

 

Айдын кратерлери – Айга астероиддер, метеороиддер жана кометалар келип урунганда пайда болгон, табак сымал ойдуңдар. 

Айда мейкиндиктен келген таштарды күйгүзүп жок кыла турган атмосфера, ошондой эле жер кыртышын жылдырып, бузуп туруучу тектоникалык плиталар болбогондуктан, миллиондогон сокку кратерлери дээрлик өзгөрүүсүз сакталып калган. 

Түштүк уюл – Айткен бассейни Айдагы (жана бүткүл Күн системасындагы) эң чоң жана эң байыркы кратер. Анын туурасы 2,500 чакырымдан  ашык, тереңдиги 13 чакырым. 

Ал эми Айдын диаметри 3,475 чакырымды түзөт. Ай Жердин көлөмүнүн төрттөн биринен бир аз  көбүрөөк (27%) бөлүгүнө  барабар. 

Айдын бетинин  аянты  болсо болжол менен 38 миллион чарчы чакырым. 

 

Ай роверлери (Айда жүрүүчү аппарат) Айдын бетинде кыймылдап, изилдөө жүргүзүү үчүн атайын жасалган транспорттук аппарат. Алар Айдагы өтө катаал шарттарга –  катуу суукка, радиацияга жана тегиз эмес, таштуу бетке туруштук берүү үчүн иштелип чыгат. 

Ай роверлери негизинен эки түргө бөлүнөт. 

Экипаждуу роверлер батарея менен иштеген, ачык типтеги транспорттук каражаттар, аларды астронавттар башкарат. Бул роверлер миссия учурунда шаймандарды ташуу жана узагыраак аралыкты басып өтүү үчүн колдонулат. 

Робот роверлер –  автономдуу же алыстан башкарылуучу аппараттар. Бул роверлер узак мөөнөттүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана үлгүлөрдү чогултуу үчүн иштелип чыккан.

Күн шамалы – плазма деп аталган заряддалган бөлүкчөлөрдүн (негизинен протондор менен электрондордун) үзгүлтүксүз, үндүн ылдамдыгынан жогору ылдамдыкта кыймылдаган агымы. 

Ал Күндүн эң сырткы атмосферасы – таажысынан (коронадан) тынымсыз бөлүнүп чыгып, бүтүндөй Күн системасы боюнча тарайт. 

Күн шамалы электр заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымы болгондуктан, ал Күн системасындагы ар кандай объекттер жана чөйрөлөр менен өз ара активдүү  аракеттенет. 

Күн шамалынын өзгөрүүлөрү Жердин магнит талаасын бузуп, спутниктердин, GPS системаларынын жана электр тармактарынын ишине терс таасир тийгизиши мүмкүн. 

 

Шилтемелер:

  1. Маалымат макала Колорадо Боулдер университетинин https://www.colorado.edu/today/2026/04/07/water-moon-new-study-narrows-down-most-likely-locations интернет баракчасындагы материалдын негизинде жазылды. 
  2. Маалымат макалага негиз болгон изилдөө Nature Astronomy журналында https://www.nature.com/articles/s41550-026-02822-9 жарыяланган. 
  3. Башкы сүрөт https://www.nasa.gov/ сайтынан алынды жана NASA агенттигине  таандык. 
  4. Илимий жана техникалык терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук  фонду даярдады. 
Close Menu
made in Moore Studio