Skip to ma content
search

Диагностика үчүн генеративдик ЖИни колдонууга медицина тармагында көңүл бурулуп, бул багытта көптөгөн илимий эмгектер жарык көргөн. Бирок, ар бир изилдөө үчүн баалоо критерийлери ар башка болгондуктан, ЖИ чыныгы медициналык шарттарда канчалык деңгээлде колдонулушу мүмкүн экендигин жана дарыгерлерге салыштырмалуу анын кандай артыкчылыктары бардыгын аныктоо үчүн ар тараптуу талдоо керек болчу.

Эми мына ошондой талдоонун алгачкысы жасалганын илим жана технология жаңылыктарына адистешкен AlphaGalileo агенттиги кабарлады.

https://www.alphagalileo.org/en-gb/Item-Display/ItemId/257563?returnurl=https://www.alphagalileo.org/en-gb/Item-Display/ItemId/257563

Алардын маалыматында айтылгандай, Жапониянын Осака Метрополитен университетинин Жогорку медициналык мектебинин доктор Хиротака Такита жана доцент Дайжу Уэда жетектеген изилдөө тобу 2018-жылдын июнь айынан 2024-жылдын июнь айына чейин жарыяланган 83 изилдөө иштеринин жардамы менен генеративдик интеллекттин диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүнө мета-анализ жүргүзүштү. Анализге алынган Чоң тил (LLMs) моделдеринин (ЖИнин тексттик маалыматтардын чоң көлөмүн иштетүү аркылуу адам тилин түшүнүүгө жана жаратууга жөндөмдүү алгоритми) ичинен ChatGPT эң көп изилденген.

Салыштырмалуу баалоо көрсөткөндөй, медициналык адистер генеративдик интеллектке караганда 15,8% жогору диагностикалык тактыкка ээ болгон. Генеративдик интеллекттин орточо диагностикалык тактыгы 52,1%ды түзгөн. Генеративдик ЖИнин акыркы үлгүлөрү кээде адис эмес дарыгерлер менен бирдей тактыкты көрсөтүп турат.

“Бул изилдөө генеративдик жасалма интеллекттин диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн адис эмес дарыгерлер менен салыштырууга, аны медициналык билим берүү тармагында адис эмес дарыгерлерге колдоо жана медициналык ресурстары чектелген аймактарда диагностикага жардам берүү үчүн пайдаланса болорун көргөздү. ЖИнин мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн кийинки изилдөөлөрдө, мисалы, татаалыраак клиникалык сценарийлерде баа берүүгө, иш жүзүндөгү медициналык жазууларды колдонуу менен натыйжалуулукту баалоого, ЖИнин чечимдерин кабыл алуунун ачыктыгын жогорулатууга жана ар түрдүү пациенттер топторунда текшерүүгө көңүл буруу керек”,-деп белгилеген изилдөөнүн авторлорунун бири доктор Такита.

Жапон илимпоздорунун генеративдик жасалма интеллектин диагностикалык мүмкүнчүлүктөрү аныктоо боюнча талдоосунун жыйынтыктары Digital Medicine журналында жарыяланган.

  1. Жаңылык https://www.alphagalileo.org порталынан которулду.
  2. Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды. Автору Igor Omilaev.

 

Close Menu
made in Moore Studio