Дүйнөдө аарылардын түрү мурда болжолдонгондон алда канча көп экени аныкталды.
Илимпоздор биринчи жолу глобалдык деңгээлде канча аары түрү бар экенин эсептеп чыгышты.
Бул эсеп маанилүү чаңдаштыруучулардын планета боюнча кандайча бөлүнгөнүн так түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Дүйнөдөгү аарылар түрү боюнча жаңы изилдөөнүн жыйынтыктарын Австралиянын ага жетекчилик кылган Вуллонгонг университети (University of Wollongong) жарыялады жана бүгүнкү күнгө чейинки эң кеңири эсептөөнү сунуш кылган илимий эмгекти “тарыхый мааниге ээ” деп да атады.
Окумуштуулардын эл аралык тобунун изилдөөсү континенттер жана өлкөлөр боюнча буга чейин болжолдонгон санга кошумча дагы кеминде 3 700дөн 5 200гө чейин аары түрү бардыгын аныктай алган.
Ал илимий изилдөөнүн өзү абройлуу Nature Communications журналында жарыяланды.
Анда дүйнө жүзүндөгү аары түрлөрүнүн жалпы саны 24 705тен 26 164кө чейин деп бааланган.
Бул буга чейин таанылган 20 934 аары түрүнө салыштырмалуу 18-25%га көптүк кылат.
Вуллонгонг университети белгилегендей, изилдөө мурда болуп көрбөгөндөй бай жана татаал көрүнүштү ачып берди.
Жыйынтыктар көптөгөн аары түрлөрү алигиче классификацияланбай же көз жаздымда калып калганын, чаңдаштыруучулар толук изилденип бүтө электигин далилдеди.
Илимий билимдеги мындай боштуктарды толтуруу жаратылышты коргоо жана дүйнөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү.
“Белгилүү бир аймакта же аарылар сыяктуу бир топтун ичинде канча түр бар экенин билүү абдан маанилүү.
Бул биздин жаратылышты коргоого, жерди башкарууга болгон мамилебизди, атүгүл эволюция жана экосистемалар тууралуу илимдеги ири суроолорду кантип карай аларыбызды аныктайт.
Аарылар мунун эң жакшы мисалы. Алардын ар түрдүүлүгү – дени сак экосистемалардын жана туруктуу айыл чарбанын негизи.
Эгер биз аарылардын канча түрү бар экенин түшүнбөсөк, жаратылышты да, дыйканчылыкты да коргоо үчүн маанилүү болгон табышмактын бир бөлүгүн колдон чыгарабыз”, – дейт изилдөөгө жетекчилик кылган Вуллонгонг университетинин эволюциялык биологу, доктор Жеймс Дори (James Dorey).
Аарынын жаңы түрлөрүнүн континенттер боюнча бөлүнүшү
Глобалдык маалымат базаларын, таксономияны, өлкөлөр боюнча текшерме тизмелерди жана адабият булактарын, ошондой эле түр байлыгын баалоочу статистикалык ыкмаларды колдонуу менен изилдөөчүлөр 186 өлкө боюнча аары түрлөрүнүн санын дүйнөлүк, континенттик жана улуттук деңгээлде эсептеп чыгышты.
Алынган маалыматтар айрым күтүлбөгөн жыйынтыктарды да көргөзгөн.
Мисалы, Европа континентинде али ачыла элек аары түрлөрү салыштырмалуу аз.
Айрыкча Швеция жана Швейцария сыяктуу өлкөлөрдө аары түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү туруктуу бойдон турат.
Бирок, Түркияда аарылардын болжол менен 843 жаңы түрүн ачып, ат коюу керек. Бул бүткүл континенталдык Европа менен салыштырганда да көптүк кылат.
Жаңы изилдөөдө, анда көрсөтүлгөндөй, Азияда, анын ичинде Жакынкы Чыгышты кошо караганда континенттик деңгээлде таксономиялык эң чоң ажырым билинген.
Башкача айтканда, Азияда ары түрлөрү мурда билингенден 2525ке же 40% Африкада 1668ке же 34%, Европада 568ке же 27%, Океанияда 472ге же 23%, Түштүк Америкада 1262ге же 29%, Түндүк Америкада 1010го же 18% көп деп эсептелди.
Изилдөө авторлору белгилешкендей, континенттик жана улуттук деңгээлде, кургактагы чек аралар өлкөлөр арасында бөлүнгөн жерлерде, баалоолор коңшу аймактарда кездешиши мүмкүн түрлөрдү да камтыйт.
Жаңы түрлөрдү ачуунун жай жүрүшү
Авторлор илимий макаласында жазышкандай, 1960-жылдан тарта окумуштуулар аарынын жыл сайын болжол менен 117 жаңы түрүн ачып, сүрөттөп келишкен.
Бул иш жаңы түрлөрдүн жоктугунан улам жай жүргөн жок, тескерисинче, аларды сүрөттөп бере алган адистердин жетишсиздигинен улам болууда.
Эгер ачылыштар мындай ыргакта уланса, окумуштуулар бул илимий билимдеги боштукту толугу менен жабыш үчүн дагы кеминде 30 – 45 жыл талап кылынышы мүмкүн.
“Жапайы аарыларды сактоо, изилдөө жана таксономия дүйнө жүзүндө бир катар көйгөйлөргө туш болуп жатат. Алардын ичинде аймактык маалыматтын аздыгы, түрлөрдүн жоголушу, мыйзамсыз аңчылык, саясий жана маданий тоскоолдуктар, ошондой эле маалымат алмашуу жана кызматташуудагы улуттук чектөөлөр бар.
Бул көйгөйлөр Африкада, Азияда, Борбордук жана Түштүк Американын көп өлкөлөрүндө айрыкча байкалат, анда түрлөрдүн жогорку ар түрдүүлүгү изилдөөлөр жана таксономия үчүн ресурстардын жана каржылоонун жетишсиздигине туш болот.
Бирок, Австралия сыяктуу салыштырмалуу бай өлкөлөрдө да түрлөрдү сүрөттөөдө көйгөйлөр бар, айрыкча генетикалык маалыматтарды жетиштүү колдонбогонубузга байланыштуу. Балким, дал ушул себептен улам түрлөрдүн санын аз баалап жатабыз”,- дейт изилдөөнү жетектеген австралиялык илимпоз Жеймс Дори (James Dorey).
Таксономиялык боштуктарды жабуунун мааниси
Изилдөө авторлорунун пикиринде, алардын илимий эмгеги экосистемалардын жана глобалдык азык-түлүк өндүрүшүнүн негизи болгон көп түрдүүлүктү баалап, экологиялык шарттар өзгөрүп жаткан учурда ошол биологиялык көп түрдүүлүктү коргоонун шашылыш зарылдыгын баса белгилейт.
Изилдөө ошондой эле “байлыктын картасы” катары кызмат кыла алат. Жаңы түрлөрдү, тек гана аарыларды эмес, башка организмдерди да кайдан табууга болорун көрсөтөт.
Изилдөөдө айтылгандай, илимпоздордун эсептөөсү боюнча, Жер бетинде болжол менен 2,2 миллион түр бар.
Бирок, чыныгы сан мындан көп болушу мүмкүн. Айрыкча курт-кумурскалар жана омурткасыздардын түрлөрүнүн саны.
Азыркы учурда эукариоттук түрлөрдү сүрөттөө боюнча дүйнөлүк ылдамдык жылына болжол менен 18 000 түргө барабар, анын 75% омурткасыздар.
Илимпоздор арасында, маселен, канаттуулардын жаңы түрлөрү алдыда аз эле табыла турганы жалпы таанылган.
Бирок, бул жакшы изилденген топтордон тышкары, мисалы, экосистеманын негизги “инженерлери” эсептелген дарактардын буга чейин сүрөттөлгөн 64 088 түрүнө кошумча болжол менен дагы 9000 сүрөттөлө элек түрү бар деп бааланат.
Вуллонгонг университетинин жазганына караганда, бул таксономиялык боштуктарды – окумуштуулардын билими үзүл-кесил же толук эмес болгон аймактарды – жабуунун мааниси өтө чоң.
Ал түрлөрдүн санынын азайышын көзөмөлдөөгө, жашоо чөйрөлөрүн коргоого жана табигый дүйнөбүздү түзгөн түрлөрдүн туруктуулугун баалоого негиз болот.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
Таксономия – организмдерди атоо, сүрөттөө жана жалпы белгилери менен эволюциялык байланыштарына негизденип, иерархиялык топторго (таксондорго) бөлүп классификациялоону изилдеген илим.
“Заманбап таксономиянын негиздөөчү” деп швед биологу Карл Линней (Carolus Linnæus,1707-1778) эсептелет.
Карл Линней организмдерди классификациялоонун иерархиялык тутумун иштеп чыккан жана бул система линнейлик таксономия деп аталат.
Теориянын өнүгүшү, маалыматтардын топтолушу жана аналитикалык технологиялардын өркүндөшү менен линнейлик система организмдердин- азыркы учурда жашап жаткандардын да, жоголуп кеткендердин да-эволюциялык өз ара байланыштарын чагылдырууга багытталган заманбап биологиялык классификация системасына айланды.
Эукариоттук түрлөр – бардык жаныбарларды, өсүмдүктөрдү, козу карындарды, жашылчаларды камтыган организмдер. Алардын клеткалары мембрана менен курчалган ядрого ээ.
Эукариоттор жашоо формаларынын негизги топторунун бири болсо, экинчи топтогулар – прокариоттор, тактап айтканда бактериялар жана архейлер.
Эукариоттор жалпы организмдердин санынын аз бөлүгүн түзсө да, адатта чоңураак болгондуктан алардын глобалдык жалпы биомассасы прокариоттордун биомассасынан бир топко көптүк кылат.
Эукариоттордун катарына узундугу 3 микрометрден аз, бир клеткалуу микроскоптук өлчөмдөн баштап, салмагы 190 тоннага жана узундугу 33,6 метрге жеткен көк китке чейинки ар кандай организмдер кирет.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Вуллонгонг университетинин бул https://www.uow.edu.au/media/2026/first-global-bee-estimates-hint-at-thousands-of-hidden-species.php интернет баракчасындагы материалдын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө Nature Communications https://www.nature.com/articles/s41467-026-69029-4 журналында жарыяланган.
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Dmitry Grigoriev.
- Илимий терминдендерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



