Эл аралык изилдөөчүлөр тобу Жердин атмосферасы болжол менен эки миллиард жыл ичинде кычкылтекке жакыр абалдан кычкылтекке бай абалга кантип өткөнүн ачып беришти.
Жердин тарыхы – кычкылтексиз планетадан кычкылтекке бай дүйнөгө айлануунун тарыхы экени илимпоздорго көптөн бери эле белгилүү нерсе. Жаңы изилдөө болсо бул процесс бир нече этап менен жүргөнүн көрсөттү.
Кытайдын Чэнду технологиялык университети (Chengdu University of Technology) жетектеген изилдөөгө Батыш Австралия университети да катышкан. Өзү Nature журналында жарыяланган илимий изилдөөнүн учкай тыянактары менен Батыш Австралия университети (The University of Western Australia) тааныштырды.
“Илимпоздор Жердеги кычкылтектин деңгээли акырындык менен жогорулаган деп болжолдошкон. Бирок бул процесстин так убактысы жана анын океандын химиясы менен биологиялык эволюцияга байланыштары талаш жаратып келет.
Жердин атмосферасында кычкылтектин деңгээлинин өсүшү, кычкылтекти дем алган татаал жашоонун пайда болушу, планетанын жашоо жөндөмдүүлүгү жана маанилүү табигый ресурстардын калыптанышы үчүн негизги мааниге ээ”,- дейт Батыш Австралия университетинин Жер илимдери мектебинин доктору Мэтью Додд (Matthew Dodd).
Илимпоздор эмнени такташты?
Эл аралык изилдөөчүлөр тобу Жер атмосферасындагы кычкылтектин деңгээлинин өсүш процессин жана анын океандар менен динамикалуу өз ара аракеттенүүсүн калыбына келтирүү үчүн байыркы сульфат минералдарында сакталган жогорку тактыктагы кычкылтек изотопторунун маалыматтарын анализдешкен.
“Миллиардаган жыл ичиндеги кычкылтек изотопторунун үлгүсүн системалуу түрдө алуу жана буга чейин жарыяланган маалыматтарды бириктирүү аркылуу биз акыркы үч миллиард жылдагы кычкылтектин эволюциясын изотоптордун негизинде кыйла толук деңгээлде калыбына келтирдик”, – деп кошумчалады доктор Мэтью Додд.
Изилдөөнүн натыйжасы атмосферадагы кычкылтектин деңгээлинин үч ири өсүш мезгилин көрсөттү.
Алар: палеопротерозой доору (2,5 -1, 6 миллиард жыл мурун), неопротерозой доору (1 миллиард – 538,8 миллион жыл мурун) жана палеозой доору (538,8 – 252 миллион жыл мурун).
Бул жараян болжол менен 410 миллион жыл мурун туруктуу, азыркы деңгээлге жетүү менен аяктаган.
Маанилүүсү, неопротерозой доорунда кычкылтектин деңгээли жогорулаган соң, Жердин негизинен кычкылтексиз болгон океандары мезгил-мезгили менен кычкылдануу толкундарына кабылган.
Аталган окуялар жүздөгөн миллион жылдар бою көмүртек, күкүрт жана кычкылтек изотопторунда синхрондуу жылыштарга алып келген жана атмосферадагы кычкылтектин өсүшү океандарда убактылуу кычкылданууга бир нече жолу себеп болгонун көрсөтөт.
“Бул изилдөөнүн табылгалары Жердеги жашоонун пайда болушуна жана эволюциясына, ошондой эле минералдык кендердин жана мунай ресурстарынын калыптанышына экологиялык негизди камсыз кылат”,- деп белгиледи доктор Мэтью Додд.
Шилтемелер:
- Жаңылык Батыш Австралия университетинин интернет баракчасындагы https://www.uwa.edu.au/news/article/2025/august/two-billion-year-oxygen-transformation-on-earth-unveiled маалыматтын негизинде жазылды.
- Жаңылыкка негиз болгон илимий изилдөө Nature журналында https://www.nature.com/articles/s41586-025-09471-4 жарыяланган.
Cүрөт unspalsh.com сайтынан алынды.



