Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жашаган өспүрүмдөрдүн мээсинин биоэлектрдик активдүүлүгүнүн функционалдык өзгөчөлүктөрү.
Бийик тоолуу аймактар көптөгөн катаал экологиялык шарттар менен мүнөздөлөт: атмосфералык кычкылтектин төмөн басымы, суук климат, ультрафиолет нурларынын жогорку деңгээли жана башкалар. Көпчүлүк физиологиялык адаптациялар атмосфералык кычкылтектин төмөн басымына жооп катары калыптанат.
Адаптация механиздеринин калыптанышында борбордук нерв системасы чоң роль ойнойт. Мээ адамдын жалпы салмагынын 2% түзөт, бирок адамдын денесине кирген кычкылтектин 20% керектейт. Ал кычкылтек менен камсыздандырылуунун өзгөрүшүнө өтө сезгич келет.
Мээ – бул бардык маанилүү органдардын иштешин көзөмөлдөөчү орган, ал адамдын айлана-чөйрөгө ыңгайлашуусун камсыз кылуу менен бирге өзү да өнүгөт. Адамдын бийик тоонун шарттарына ыңгайлашуусу борбордук нерв системасынын абалынан, өзгөчө, анын ийкемдүүлүгүнөн жана туруктуулугунан көз каранды.
Электроэнцефалограмма (ЭЭГ) – бул мээнин маанилүү объективдүү көрсөткүчү. ЭЭГ – мээнин биоэлектрдик активдүүлүгүн жаздырып алуу аркылуу анын функционалдык абалын изилдөөнүн инвазивдүү эмес (зыянсыз) ыкмасы. ЭЭГ аркылуу мээ кыртышынын функциясын изилдөөдө мээнин ритмдери маанилүү көрсөткүч болуп саналат, мисалы, дельта- (0-3 Гц), тета- (4-7 Гц), альфа- (8-13 Гц), бета- (13-30 Гц) ритмдери. Дельта жана тета ритмдери мээ кыртышынын бетинде кеңири таралган жана жай толкундуу активдүүлүк катары каралат. Жай толкундуу активдүүлүк адам ойгоо абалдан уйкуга өтүп жатканда же уйку абалында катталат. Альфа ритми ойгоо абалда, эс алган абалда желке бөлүктөрүндө катталат. Бета ритми көбүнчө маңдай жана борбордук аймактарда адам сергек болуп, маалыматты активдүү иштетип жатканда катталат.
13 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдө мээнин биоэлектрдик активдүүлүгүнүн калыптануу процесстери уланат. Бул куракта альфа ритми активдүүлүктүн негизги формасына айланып, мээнин бардык аймактарында үстөмдүк кылат, орточо жыштыгы секундасына 10-10,5 Гцди түзөт. 17 жаштан 21 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн мээ кыртышында тез толкундуу активдүүлүк, тагыраак айтканда, желке бөлүгүндө альфа-толкундары көбөйө баштайт. Бул мээнин бардык структураларынын морфологиялык жана функционалдык жактан жетилгендигин көрсөтөт. 21 жашка келгенде адамдын ЭЭГсы толук жетилет, бирок мээ кыртышынын желке бөлүгүндө дельта жана тета ритмдери сакталып калышы мүмкүн, алар 30 жашка чейин жоголот. Организмдин кычкылтек режиминин жана мээнин кычкылтек менен камсыз болушунун өзгөчөлүктөрү мээнин биоэлектрдик активдүүлүгүнүн өзгөрүүсүнөн байкалат.
Биздин изилдөөлөргө бийик тоолуу аймактарда деңиз деңгээлинен 2800 метр бийиктикте жайгашкан Нарын, Ош, Ысык-Көл облустарында жашаган, 10 жаштан 22 жашка чейинки өспүрүмдөр катышкан. Жалпы 260 адам, анын ичинде 138 өспүрүм кыздар жана 122 өспүрүм балдар. Изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөткөндөй, негизги өзгөрүүлөр мээ кыртышынын айрым зоналарынын бирдей эмес жетилишине таасирин тийгизген, ал төмөнкү жыштыктагы альфа ритминин (8-9,5 Гц) басымдуулук кылгандыгы жана анын мээнин борбордук жана фронталдык бөлүктөрүндө кездешиши менен мүнөздөлгөн. Альфа ритминин амплитудасынын көбөйүшү, анын жыштыгынын 8 Гцке жылышы жана тета ритминин субдоминанттыгы функционалдык жактан жетиле элек мээнин биоэлектрдик активдүүлүгүнүн параметрлерин мүнөздөгөн ЭЭГ үлгүсүн түзөт. Ошол эле учурда изилдөөгө катышкан өспүрүмдөрдүн электроэнцефалограммасы нормалдуу спектралдык курамды көрсөтүп, неврологиялык бузулуулардын белгилери байкалбаганын аныктады.
Мындан тышкары, ЭЭГ спектралдык курамын талдоонун натыйжасында альфа- жана тета-ритмдерде функционалдык өзгөрүүлөр аныкталган. Альфа ритминин төмөнкү жыштыктарга жылышы мээнин терең структураларынан активдешүү деңгээлинин төмөндөшүн жана тета ритминин субдоминанттыгын көрсөтөт. Муну мээ кыртышынын борбордук, төбө, чеке, чыкый жана желке зоналарында жай толкундуу тета ритминин пайда болушу ырастайт. Бета ритм боюнча эч кандай ачык-айкын зоналдуулук аныкталган эмес, бирок бета активдүүлүктүн болушунун өзү эле тынчсыздануу деңгээлин же изилдөөгө катышкан өспүрүмдөрдүн функционалдык абалынын туруксуздугун көрсөтүп турат.
Тоо өспүрүмдөрүндө мээ кыртышынын борбордук, төбө, чеке, чыкый жана желке зоналарында, айрыкча, мээнин оң жарым шарында тета- сыяктуу альфа-ритмдин болушу, мээнин негизги ченемдик механизмдеринин жогорулашын чагылдырат жана бул өзгөрүүлөрдү ЭЭГнын жетиле элек үлгүсүнөн акырындык менен альфа-ритмдин туруктуу басымдуулугуна өтүү этабы деп эсептөөгө болот. Тета-ритмдин болушу жана анын акырындык менен альфа-ритмдин басымдуулугуна өтүшү бийик тоолордун жагымсыз шарттарында ЭЭГ параметрлеринин өзгөрүшүнүн өзгөчөлүктөрү болуп саналат.
Ошентип, ЭЭГда аныкталган негизги өзгөрүүлөргө мээ кыртышынын айрым зоналарынын функционалдык жетилбегендиги, төмөнкү жыштыктагы альфа ритминин жана жай толкундуу тета жана дельта ритминин басымдуу болушу кирет.
ЭЭГ изилдөөлөрү менен катар көңүл бурууну, эстутумду жана тынчсызданууну баалоо үчүн психофизиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Көңүл буруунун бөлүштүрүлүүсүн жана туруктуулугун аныктоо үчүн “Сан таблицалары” ыкмасы колдонулган. Өспүрүмдөрдүн көңүл буруусуна баа берүүдө, көңүл бурууну бөлүштүрүү боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар алынды: 20%ы жогорку, 70%ы орточо жана 10%ы төмөн көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн 20%ы туруктуу, 13%ы салыштырмалуу туруктуу, ал эми 57%ы жетишсиз туруктуу көңүл бурууга ээ экени аныкталды (1,2-сүрөт).

1,2 –сүрөт. Тоо өспүрүмдөрүндө көңүл буруунун бөлүштүрүлүүсүнүн жана туруктуулугунун көрсөткүчтөрү.
Адамдын эс тутуму ылдамдыгы, бекемдиги, узактыгы, тактыгы жана жаттоо көлөмү боюнча айырмаланат. Сапаттык параметрлери боюнча болсо, эс тутумдун кайсы түрү (мисалы, көрүү же угуу) басымдуулук кылышына жараша айырмаланат. Эс тутумдун өзгөчөлүктөрүн баалоодо угуу эс тутумунун басымдуулук кылышы (60%) аныкталды. Эстеп калуу ылдамдыгына келсек, изилденүүчүлөрдүн 7%ында жогорку, 33%ында жакшы же орточо, ал эми 60%ында төмөн ылдамдык байкалган. Көрүү эс тутумунун көлөмүн аныктоо өспүрүмдөрдүн 33,3%ы жогорку, 43,3%ы орточо жана 23,3%ы төмөн көлөмгө ээ экенин көрсөттү (3-сүрөт).
3-сүрөт. Тоо өспүрүмдөрүнүн эс тутумунун көрсөткүчтөрү
Жеке жана кырдаалдык тынчсызданууну баалоо үчүн Ч.Д. Спилбергер жана Ю.Л. Ханиндин ыкмасы колдонулган. Тест кырдаалдык жана жеке тынчсыздануунун деңгээлдерин аныктоого мүмкүндүк берди. Жогорку деңгээлдеги кырдаалдык тынчсыздануу 20%, орточо деңгээл – 60%, ал эми төмөнкү деңгээл – 20% өспүрүмдөрдө байкалган. Жеке тынчсыздануунун жогорку деңгээли 34%, орточо деңгээл 57% жана төмөнкү деңгээл 10% изилдөөгө катышкан өспүрүмдөрдө белгиленген. Жеке тынчсыздануунун кырдаалдык тынчсызданууга караганда басымдуулугу бул топтогу адамдарга белгилүү стресс факторлорунун узак мөөнөттүү (өнөкөт) таасири тийгизип жатканын көрсөтөт.
4-сүрөт. Тоо өспүрүмдөрүнүн жеке жана кырдаалдык тынчсыздануунун деңгээлдери
Психофизиологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары өспүрүмдөрдүн көңүл буруу жана эс тутум көрсөткүчтөрүнүн орточо деңгээлде экенин, угуу эс тутумунун басымдуулугун жана эстеп калуу ылдамдыгынын төмөндүгүн көрсөттү. Жеке тынчсыздануунун кырдаалдык тынчсызданууга караганда жогорку деңгээлде болушу бул өспүрүмдөрдүн узак мөөнөттүү стресс факторлорунун таасирине дуушар болгонунан кабар берет.
Шилтеме:
- Башкы сүрөттүн автору Milad Fakurian, unsplash.com сайтынан алынды
- Калган сүрөттөрдү макаланын автору сунуш кылды



