Жаңы онлайн курал алдыда жогорку кан басымды дарылоонун ыкмасын түп-тамырынан өзгөртө алат деп күтүлүүдө.
Биринчи жолу иштелип чыккан инновациялык курал “Кан басымды дарылоонун натыйжалуулук эсептегичи (калькулятору)” деп аталды. Бул инновациялык эсептегич дарыгерлерге кан басымды төмөндөтүүчү ар кандай дарылар кан басымды канчалык деңгээлде түшүрөрүн так баалоого мүмкүндүк берет. Натыйжада, жогорку кан басымы бар бейтаптар үчүн дарылоонун жеке жана эффективдүү стратегиялары түзүлө алат.
Аталган жаңылыкты изилдөөчүлөр тобу инновациялык эсептегичти иштеп чыккан Жорж Глобалдык саламаттык институту (The George Institute for Global Health) кабарлады. Австралияда жайгашкан бул медициналык илим изилдөө институттун Кытайда, Индияда жана Улуу Британияда да кеңселери бар. Анын адистер тобунун изилдөөсү абройлуу The Lancet журналында жарыяланган.
Бул уникалдуу онлайн курал же “Кан басымды дарылоонун натыйжалуулук эсептегичи” жүз миңден ашуун адам катышкан жана 500 жакын клиникалык изилдөөнүн маалыматтарын талдоонун негизинде иштелип чыккан.
Ал аркылуу дарыгерлер ар бир бейтап үчүн кан басымды канчалык деңгээлде түшүрүү зарыл экенине жараша дарылоону тандоого мүмкүнчүлүк алат.
“Бул абдан маанилүү, анткени систоликалык кан басымдын ар бир 1 мм сымап мамычасына ( mmHg) төмөндөшү инфаркт же инсульт болуу коркунучун 2 пайызга азайтат. Бирок ондогон дары бардыгын, ар бир дарыдан бир нече доза жана бейтаптардын көбүнө эки же андан көп дары талап кылынарын эске алганда, мүмкүн болгон варианттар миңдеп саналат жана алардын канчалык натыйжалуу экенин аныктай алган жеңил ыкма жок,- дейт Жорж Глобалдык саламаттыкты сактоо институтунун кардиологу жана илимий кызматкери, доктор Нелсон Ванг (Nelson Wang).
Жаңы онлайн курал эми ушул көйгөйдү чечүүгө жардам берет деп күтүлүүдө. Ал жүздөгөн изилдөөлөрдү салыштырып, дарылоонун орточо таасирин эсептеп чыгат. экен. Андан тышкары, дарылоо кан басымды канчалык түшүргөнүнө жараша – төмөн, орточо жана күчтүү деп бөлүнөт. Мындай ыкма холестеринди түшүрүүчү дары-дармектерде мурунтан эле колдонулуп келет.
Кан басымды төмөндөтүүчү бир гана дары – азыр дарылоону баштоонун эң кеңири тараган жолу. Бул адатта систоликалык кан басымды болгону 8–9 мм сымап мамычасына төмөндөтөт. Бирок көпчүлүк бейтаптарга, идеалдуу көрсөткүчкө жетүү үчүн 15–30 мм сымап мамычасына төмөндөтүү керек.
Доктор Нелсон Ванг түшүндүргөндөй, салттуу ыкма ар бир бейтаптын кан басымын түз өлчөп, ошого жараша дарылоону өзгөртүүдөн турат. Бирок чындыгында кан басымдын көрсөткүчү өтө өзгөрмөлүү болгондуктан, бул толук ишенимдүү ыкма эмес.
“Кан басым мүнөттөн мүнөткө, күндөн күнгө жана мезгилге жараша өзгөрүп турат. Ушул кокустук өзгөрүүлөр кээде дарылоодон келип чыккан өзгөрүүлөргө тете же андан да чоң болушу мүмкүн. Мындан тышкары, кан басымды өлчөөдө да ар дайым тактык боло бербейт. Бул дагы кошумча белгисиздикти жаратат. Ошондуктан жөн гана кайталап өлчөп туруп, дары канчалык жакшы иштеп жатканын так баалоо абдан кыйын”, – дейт доктор Нелсон Ванг.
Жаңы ыкманын өзгөчөлүгү
Жорж Глобалдык саламаттык институтунун улук илимий кызматкери, профессор Энтони Роджерстин (Anthony Rodgers) түшүндүрмөсүнө караганда, гипертония же жогорку кан басым – адамдар дарыгерге кайрылуусунун эң көп себеби. Бирок ушул убакка чейин кан басым түшүрүүчү ар кандай дары-дармектер канчалык таасирдүү экенин, айрыкча аларды кошо колдонгондо же ар кандай дозада берилгенде, так көрсөтүп турган бирдиктүү жана заманбап булак болгон эмес.
“Эсептегичти колдонуу дарылоонун салттуу – аз дозадан баштап, акырындык менен көбөйтүп, кан басымды өлчөп, ошого жараша чечим чыгаруу ыкмасына чакырык таштайт. Бул ыкма көп учурда кан басымдын көрсөткүчүн туура эмес түшүнүүгө, дарылоонун кечеңдеп калуусуна же бейтапка оорчулук алып келет.
Жаңы ыкма болсо башкача. Ал алгач кан басымды канчага чейин түшүрүү керектигин аныктап, ошол максатка жеткирүүчү эң ылайыктуу дарылоону далилдердин негизинде тандап, бейтапты дарылоону мүмкүн болушунча эртерээк баштайсыз,- деди профессор Энтони Роджерс.
Кийинки кадам – бул жаңы ыкманы эми клиникалык сыноодо текшерүү. Анда бейтаптарга кан басымын канчалык түшүрүү керек экенине жараша, эсептегичти колдонуу менен, тиешелүү дарылар жазылып берилет.
Жогорку кан басым – дүйнөдөгү эң чоң саламаттык көйгөйлөрүнүн бири. Андан болжол менен 1,3 миллиард адам жабыр тартат жана жыл сайын 10 миллионго жакын адамдын өлүмүнө себеп болот.
Көп учурда гипертонияны “тынч өлтүргүч” деп коюшат, анткени кан басым жогору экенин көпчүлүк билбей жүрө берет жана ал инфарктка, инсультка же бөйрөк ооруларына алып келгенге чейин жашыруун калышы мүмкүн. Дүйнөлүк статистика боюнча гипертониясы бар ар бир беш адамдын бирөөсү гана аны көзөмөлдөп турат.
“Бул көйгөйдүн масштабы абдан чоң болгондуктан, чакан эле ийгиликтер да коомдук саламаттыкка зор таасир берет. Эгер дүйнө боюнча кан басымы жогору адамдардын аны көзөмөлдөй алгандарынын үлүшү 50%га эле жетсе, миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот,- дейт профессор Энтони Роджерс.
Жорж Глобалдык саламаттыкты сактоо институтунун изилдөөчүлөрү түзгөн эсептегичке онлайн кирүү акысыз, ал дүйнөнүн каалаган бурчунан дарыгерлерге ишенимдүү жана актуалдуу маалыматтарга таянып дарылоого байланыштуу чечимдерди тактоо үчүн ыңгайлуу курал болуп берет.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Жорж Глобалдык саламаттыкты сактоо институтунун https://www.georgeinstitute.org/news-and-media/news/new-online-tool-could-revolutionise-how-high-blood-pressure-is-treated интернет баракчасындагы маалыматтын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз болгон илимий изилдөө The Lancet журналында https://www.thelancet.com/journals/lancet/article/PIIS0140-6736(25)00991-2/abstract жарыяланган.
Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору Jose Petro.



