Хельсинки университетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, пестициддер (зыяндуу курт-кумурскаларды, чөптөрдү жок кылуучу дарылар) жаратылыштагы бутага алынбаган башка да жандыктарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, таасирлер колдонулган затка жараша ар кандай болот. Бул тууралуу макаланы илим жаңылыктарына адистешкен европалык AlphaGalileo агенттиги жарыялады.
Анда айтылганга караганда, интенсивдүү дыйканчылык биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна алып келген эң чоң факторлордун бири болуп саналат. Мурунку изилдөөлөр негизинен жашоо чөйрөсүнүн жоголушунун жана фрагментациясынын таасирине багытталган. Бирок интенсивдүү дыйканчылыктын башка дагы экологиялык таасирлери, анын ичинде айыл чарбада пестициддерди колдонууга байланышкан зыяндуу жактары да бар.
AlphaGalileo агенттиги жазгандай, жакында жүргүзүлгөн изилдөө ушундай чөйрөдө көп жашаган Гланвилл фритиллярий көпөлөгүнө эки пестициддин тийгизген таасирин карады. Изилдөөнүн максаты личинкалык стадиядагы өсүү темпине жана чоң көпөлөктөрдүн репродуктивдүү ийгилигине кандай таасир тийгизерин аныктоо болгон.
Изилдөө бир фунгицидге (козу карын ооруларына каршы химиялык дары) жана бир гербицидге (зыяндуу чөптөргө каршы химиялык дары), ошондой эле экөөнүн аралашмасына басым жасады. Айрыкча фунгицид кыска убакытта таасир этип, личинкалардын өлүмүнүн көбөйүшүнө жана өнүгүүнүн жайлашына алып келген. Эки заттын аралашмасы фунгициддин личинкалардын өнүгүүсүнө тийгизген зыяндуу таасирин азайткан, бирок ал контролдук дарылоо алган личинкаларга караганда жайыраак болгон. Ошондой эле чоң көпөлөктөрдүн репродуктивдүү жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген.
“Пестициддер айыл чарбасында кеңири колдонулат жана рынокко тынымсыз жаңы продукциялар киргизилип турат.
Экологиялык эрежелерге жана уулуулук деңгээлин лабораториялык текшерүүгө карабастан, ар кандай пестициддердин жапайы жаратылыштагы бутага алынбаган түрлөргө кандай таасир тийгизери жөнүндө биз өтө аз билебиз”, – дейт Биология жана айлана-чөйрө илимдери факультетинин докторанты Улла Рийхимяки макалада.
Хельсинки университетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, пестициддердин ар кандай түрлөрү бутага алынбаган организмдерде ар кандай реакцияларды жаратышы мүмкүн.
“Жаратылыштагы пестициддердин санын кылдаттык менен көзөмөлдөө жана алардын жапайы жаратылышка тийгизүүчү мүмкүн болгон таасирин андан ары изилдөө маанилүү. Евробиримдиктин мыйзамдары суу объектилеринин булганышын алдын алуу менен бирге эле жердеги жапайы жаратылышты коргоого да көбүрөөк көңүл бурушу керек”, – деп белгилейт Рийхимяки.
Сүрөттө: Гланвилл фритиллярий көпөлөгүнүн личинкасы. Сүрөт Улла Рийхимякиге таандык.
“Пестициддерди колдонуу катуу жөнгө салынган жана жаңы активдүү заттарды бекитүү дайыма тобокелдиктерди баалоону талап кылат. Тамак-аштагы пестициддердин калдыктарынын концентрациясы көзөмөлдөнөт жана алар эталондук көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш. Белгилүү бир деңгээлде пестициддердин калдыктары суу объектилеринде жана жер астындагы сууларда да көзөмөлдөнөт. Бирок, жаратылышта табылган калдыктар системалуу түрдө көзөмөлдөнбөйт жана ар кандай жапайы жаныбарлардын түрлөрүнө канча өлчөмдө таасир эткенин баалоо кыйын”, – дейт макаланын авторлорунун бири, айыл чарба жана токой чарба илимдеринин доктору Лотта Кайла.
“Биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана пестициддерди колдонуу атайын бутага албаган организмдерге зыян келтирбешин камсыз кылуу үчүн андан ары изилдөөлөр жана тыкыр көзөмөл зарыл”, – дейт Хельсинки университетинин профессору жана изилдөө тобун жетектеген Марьо Саастамойнен.
Шилтеме:
Толук библиографиялык маалымат:
Riihimäki, U., de Koning, M., Kaila, L., & Saastamoinen, M. (2025). Effects of fungicide and herbicide on a non-target butterfly performance. Science of The Total Environment, 974, 179214. DOI: 10.1016/j.scitotenv.2025.179214
05/05/2025 Helsingin yliopisto (University of Helsinki)
Сүрөттө: Гланвилл фритиллярий көпөлөгүнүн личинкасы. Сүрөт Улла Рийхимякиге таандык.



