Маникомицин деп аталган жаңы антибиотикти Канададагы Макмастер университетинин изилдөөчүлөрү табышты.
Жаңы антибиотик эң кооптуу, дары-дармекке туруктуу бактериялардын айрымдарын жок кылуу жөндөмүнө ээ.
Ал мурда белгисиз болгон алсыз жакка таасир этүү аркылуу иштейт жана дарылоодо таптакыр жаңы ыкманын жаралышына жол ачышы да мүмкүн.
Макмастер университети ((McMaster University) кабарлагандай, Маникомицин (Manikomycin) деген ат берилген жаңы кошулма профессор Жерри Райт (Gerry Wright) жетектеген изилдөө тобу тарабынан аныкталды.
Ал Сальмонелла (Salmonella), Ичеги таякчасы (Escherichia coli), жана Клебсиелла (Klebsiella) сыяктуу артыкчылыктуу патогендерге каршы алгачкы этапта жогорку натыйжалуулугун көрсөткөн.
Жаңы антибиотик клиникалык практикада азыр колдонулуп жаткан бардык антибиотиктерден айырмаланат жана ар бир бактериялык клетканын ичинде жайгашкан белок түзүүчү механизм – рибосоманын чыгуу бөлүгүн бөгөттөө ыкмасы аркылуу иштейт.
Бул ачылышка алып келген илимий изилдөө абройлуу Nature журналында жарыяланды.
Изилдөө антибиотиктерге туруктуулук дүйнө жүзүндө өсүп жаткан учурда, жаңы дары-дармектерди табууга үмүт берген ыкманы көрсөтөт.
“Бүгүн клиникаларда жазылып берилген бир да антибиотик маникомицин сыяктуу иштебейт. Азитромицин да, тетрациклин да эмес, алардын эч бири. Андыктан, биз жаңы дарыга талапкерди гана таппастан, башка жаңы дары-дармектерди иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн болгон бактериялардагы таптакыр жаңы бутаны да аныктадык”, – деди Макмастер университетинин Майкл Ж. ДеГрут атындагы Инфекциялык ооруларды изилдөө институтунун (Michael G. DeGroote Institute of Infectious Disease Research) кызматкери, биохимия жана биомедициналык илимдер кафедрасынын профессору Жерри Райт.
Ачылыштын экинчи бөлүгү изилдөөчүлөрдү эң көп кубандырууда.
Профессор Райттын айтымында, азыр колдонулуп жаткан антибиотиктердин көпчүлүгү негизинен рибосоманын бир нече эле алсыз жактарына багытталган. Ушундан улам бактериялар мындай чабуулдарга каршы ар кандай коргонуу механизмдерин өнүктүрүп алышкан.
Ал эми рибосоманын башка бөлүгүнө – чыгуу участогуна таасир эткен дары-дармектер бактерияларды коргоосуз калтырат.
“Ошол эле эски буталарга таасир эткен, жаңы ачылган дары-дармектер да бат эле туруктуулукка кабылышы мүмкүн. Бирок, медицинанын бүткүл тарыхында биз бул белгилүү бир бутага таптакыр селективдүү басым жасап көргөн эмеспиз. Андыктан, бактерияларда маникомицинге каршы алдын ала калыптанган туруктуулук механизмдери жок”, – дейт профессор Райт.
Илимпоз рибосоманы заводдогу жыйноо линиясына салыштырат. Ал жерде даяр болгон компоненттер кийинки бөлүк алдыга жылышы үчүн линиядан чыгарылышы керек.
Маникомицин рибосоманын чыгуу жолун бөгөттөп, жыйноо процессинин бүтүндөй тыгылып, акыры толук токтоп калышына алып келет. Белокторду өндүрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, бактериялар жашай албайт.
Ачылыштын илимий тарыхы
Макмастер университетинин жазганына караганда, маникомициндин ачылышы 75 жылдан ашык убакыт мурда башталган изилдөөлөргө негизделет.
Ал кезде окумуштуулар топуракта жашоочу Стрептомицес римосус (Streptomyces rimosus) бактериясы медицинада антибиотик доорун баштоого жардам берген күчтүү жаңы дары – окситетрациклинди өндүрөрүн биринчи жолу аныкташкан.
Бул XX кылымдын ортосунда жасалган бир нече окшош илимий ачылыштардын бири болгонуна карабастан, Стрептомицес римосус (Streptomyces rimosus) жана ага тектеш бактериялар көптөн бери жаңы антибиотиктердин мүмкүн болуучу булагы катары каралбай калган.
“Илимде бул бактериялар толугу менен “казылып бүттү”, башкача айтканда, табууга боло турган нерсенин баары табылып бүттү деген күчтүү түшүнүк бар. Биздин лаборатория болсо бул таптакыр туура эмес экенин көрсөттү”,- дейт профессор Райт.
Фракциялоо ыкмасын колдонуу
Профессор Райттын изилдөө тобу Чикагодогу Иллинойс университети (University of Illinois Chicago) жана Германиядагы Гамбург университетиндеги (University of Hamburg) кесиптештери менен биргеликте жаңы антибиотикти табуу үчүн фракциялоо деп аталган алдыңкы лабораториялык ыкманы колдонушкан.
Стрептомицес римосус (Streptomyces rimosus) бактериясы өндүргөн химиялык аралашмалардан окситетрациклин жана башка көп кездешкен кошулмаларды ажыратып салуу аркылуу изилдөөчүлөр көп жылдар боюу байкалбай келген сейрек молекулаларды бөлүп чыгара алышкан.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Манприт Каурдун (Manpreet Kaur) айтымында, мындай ыкма менен жаңы дарыга жарамдуу талапкерди табуу антибиотиктерди ачууда жаңы мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрсөтөт.
“Фракциялоо ыкмасы аркылуу дагы көптөгөн ачылыштар болушу мүмкүн. Ал тургай Стрептомицес (Streptomyces) сыяктуу жакшы изилденген бактериялардын экстракттарын кайрадан карап чыгуу келечекте ушундай ачылыштарга алып келиши ыктымал”,-дейт илимпоз.
Кийинки кадамдар
Макмастер университети маалымдагандай, профессор Жерри Райттын изилдөө тобу учурда маникомицинди клиникалык өнүктүрүү баскычына алып чыгууда.
Жаңы антибиотик адамдын клеткалары үчүн уулуу эмес экени жана лабораториялык инфекция моделинде жакшы натыйжа берери буга чейин аныкталган. Бул экөө тең – дарыны иштеп чыгуунун алгачкы этаптарындагы негизги жетишкендиктер.
Азыр изилдөөчүлөр дарынын “жашоо убактысын”, башкача айтканда организмде канча убакыт активдүү бойдон турарын оптималдаштыруу үстүндө иштеп жатышат. Ошондой эле анын 60 түрдүү туундусун да иштеп чыгышкан жана алардын ичинен эң жакшысын тандап, андан ары өнүктүрүүнү пландашууда.
“Бул молекуланын потенциалы бизди абдан кубандырат. Алдыда так жол бар жана биз анын таасир чөйрөсүн кеңейтип, келечекте дагы көп бактерияларга каршы иштешин камсыздай алышыбыз мүмкүн”,-дейт профессор Райт.
Илимий терминдерге түшүндүрмө:
Рибосома – клетканын ичиндеги структура, ал рибонуклеин кислотасынан (rRNA) жана белоктон турат. Рибосома бир жипчелүү генетикалык молекуланы (mRNA) окуп, анын ичиндеги генетикалык маалыматты белгилүү бир аминокислоталардын тизмегине которот. Бул аминокислоталар узун чынжыр болуп өсүп, андан соң бүктөлүп, белокторду түзөт.
Сальмонелла (Salmonella) – таякча формасындагы, грам-терс бактериялардын түрү. Ал дүйнө жүзү боюнча тамак-аш аркылуу жугуучу оорулардын башкы себептеринин бири. Негизинен адамдын ичегисин жабыркатат жана сальмонеллёз деп аталган ооруну пайда кылат. Бул оору ич өткөк, ысытма жана ичтин оорушу менен мүнөздөлөт. Инфекция көбүнчө булганган тамак-аш же суу аркылуу жугат.
Ичеги таякчасы (Escherichia coli) – адамдын жана жаныбарлардын ичегисинде жашаган, кеңири таралган бактерия. Көпчүлүк штаммдары зыянсыз жана пайдалуу, бирок айрымдары ичеги-карындын олуттуу ооруларын же заара чыгаруу жолдорунун инфекцияларын пайда кылышы мүмкүн. Ал көбүнчө булганган суу же тамак-аш аркылуу жугат.
Клебсиелла (Klebsiella) – капсулалуу, грам-терс, кыймылсыз таякча сымал бактерия. Бул бактериялар адамдын ичеги-карын трактысынын (ГИТ) жана дем алуу системасынын микробиотасынын бөлүгү болуп саналат. Сырткы чөйрөдө алар топуракта жана сууда кездешет. Алар шарттуу-патогендик бактериялар болуп эсептелет.
Стрептомицес римосус (Streptomyces rimosus) – Streptomyces уруусуна кирген бактерия түрү. Ал 1950-жылы америкалык таанымал микробиолог Александр С. Финлей ( Alexander C. Finlay) тарабынан топурак үлгүсүнөн бөлүнүп алынган.
Streptomyces антибиотиктерди, анын ичинде клиникалык жактан маанилүү болгон окситетрациклинди өндүрүү жөндөмү менен белгилүү. Бул бактериядан тетрациклин жана паромомицин антибиотиктери да өндүрүлгөн.
Шилтемелер:
- Маалымат макала Макмастер университетинин https://news.mcmaster.ca/mcmaster-researcher-gerry-wrights-latest-antibiotic-discovery-manikomycin-offers-new-way-to-kill-drug-resistant-bacteria/ интернет баракчасындагы материалдын негизинде жазылды.
- Маалымат макалага негиз берген илимий изилдөө Nature журналында https://www.nature.com/articles/s41586-026-10589-2 жарыяланган.
- Сүрөт unsplash.com сайтынан алынды, автору National Institute of Allergy and Infectious Diseases (АКШ).
- Илимий терминдерге түшүндүрмөнү Эл Илим коомдук фонду даярдады.



